МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

  • 09.01.2025
  • 0

2025-жылдын январь айында Таалим билим берүү академиясы тарабынан уюштурулган “Мугалим – өнүгүүнүн жарчысы” аттуу тренингге республика боюнча 120дан ашуун мугалим жана жогорку окуу жайдын окутуучулары активдүү катышып, заманбап билим берүү технологиялары жана инновациялык ыкмалар менен таанышты. Иш-чара Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык, Ош мамлекеттик педагогикалык жана Ош технологиялык университеттеринин базасында өтүп, мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттар камсыз кылынды.

МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

Иш-чаранын максаты

Аталган тренинг 2024-жылдын август, ноябрь айларында дагы өткөн болчу. Мыкты мугалим Элнура Алекованын айтымында, тренингдердин негизги максаты – мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү жана заман талабына ылайык интерактивдүү сабактарды өтүү ыкмаларын үйрөтүү.

МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

— Иш-чаралар онлайн жана оффлайн форматтарында өткөрүлүп, “Кайзен” япон методикасын окуучуларды тарбиялоодо колдонуу; окутуунун жаңы методдору жана мугалимдин ишмердүүлүгү; “Сабакты талкуу менен өткөрүү” жана “Интерактивдүү экзамен” ыкмалары; заманбап STEM методикасы менен сабак өтүү; Z жана A (альфа) муундагы окуучуларга туура мамиле жасоо ыкмалары; онлайн режиминде интеллектуалдык жана мультимедиалык тиркемелерди колдонуу: IQ – акыл интеллекти, EQ – эмоционалдык интеллект жана AI – жасалма интеллект камтылды, — дейт мугалим.

МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

Мындан тышкары, иш-чарада мугалимдер пайдалуу кеңештерди жаңы методикаларды, мыкты көнүгүүлөрдү жана кызыктуу оюндарды практикалык түрдө үйрөнүштү.

МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

Тренингди кимдер өттү?

Тренингдердин ийгиликтүү өтүүсүнө профессионал спикерлердин жана тренерлердин салымы чоң болду. Алсак, техника илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин доценти, “ДЭМ” инновациялык тренингдер кербенинин негиздөөчүсү Өскөнбай Дилишатов, республикалык мыкты мугалим — 2023, билим берүүнүн мыктысы, англис тили мугалими, Россия жана СНГ өлкөлөрүнүн мыкты мугалимдеринин эл аралык форумунун катышуучусу Элнура Алекова, Япониянын Цукуба университетинде JASSO стипендиялык программасынын негизинде окуган STEAM тренери, ОшМУнун STEM колледжинин окутуучусу Рахима Ибрагимова.

МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

Катышуучулардын пикирлери жана натыйжалары

Катышуучулар тренерлердин кесипкөйлүгү жана мазмундуу программа үчүн өз ыраазычылыктарын билдиришти. Алар жаңычыл идеялар, заманбап окутуу методикалары жана практикалык көндүмдөр менен байыганын белгилешти. Тренингдин соңунда көптөгөн мугалимдер сабактарын жаңы ыкмалар менен байытып, билим берүү сапатын жакшыртууга багытталган сунуштарды колдоно турганын айтышты.

МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

Мугалимдер менен үзгүлтүксүз онлайн байланыш

— “Таалим” билим берүү академиясынын негизги максаты – мугалимдерге сапаттуу жана туруктуу колдоо көрсөтүү. Ошондуктан биздин катышуучулар менен онлайн кайтарым байланыш үзүлбөйт. Мугалимдер тренинг учурунда үйрөнгөн методдорду сабактарында колдонуп жаткан учурларын, жаралган суроолорун же унутуп калган ыкмаларды биздин команда менен талкуулап, түшүнүксүз жерлерин тактоого мүмкүнчүлүк алышууда. Аралыктан байланыш аркылуу сунуштарды берип, ийгиликтерине кубанып, мугалимдердин профессионалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүнү улантабыз, — дейт Э.Алекова.

МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

Бул үзгүлтүксүз байланыш форматы мугалимдерге методдорду натыйжалуу колдонууга жардам берип, алардын окуу процессинде жогорку жетишкендиктерге жетүүсүнө өбөлгө түзөт.

МУГАЛИМ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАРЧЫСЫ

“Мугалим – өнүгүүнүн жарчысы” аттуу тренингдер аймактардагы мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу менен билим берүү процессин жакшыртууга чоң салым кошуп келе жатат. Мындан ары да мугалимдердин өнүгүүсүнө багытталган окутууларды улантууну көздөйт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер