МУГАЛИМ ЭЛДИН АКЫЛЫН, АЯЛ КООМДУН ЖҮЗҮН КӨТӨРӨ
- 14.11.2025
- 0
Кыргыз коомунда билим берүү менен социалдык маселелер эң курч болуп жаткан учурда, Жети-Өгүз айылынын Данаке Иманов атындагы орто мектебинин директору Мээрим Жунушалиева Жогорку Кеңештин депутаттыгына 28-округдан (Каракол шаары, Жети-Өгүз жана Тоң райондору) ат салышууда. Анын программасы билим берүү, аялдардын укугу жана социалдык теңчилик өңүтүндөгү саясатты камтыйт.

– Жогорку Кеңешке баруу чечимин кандай максат менен кабыл алдыңыз?
– Мен 26 жылдан бери айылдык мектепте иштейм. Ошол тажрыйбамдын негизинде эң оболу билим берүү, аялдардын укугун коргоо жана социалдык адилеттүүлүк багыттарын алдыга койгом. Эң башкы максатым – билим берүүнү реформалоо, мугалимдин укугун жана кесибин күчтөндүрүү.
Азыркы коомдо мугалимдин статусу көтөрүлмөйүнчө билимдин сапаты жогорулабайт. Ал үчүн мугалимди укуктук жактан коргоо зарыл. Ириде аларды окуу процессине тиешеси жок кошумча жумуштардан, отчеттордон, кагаз иштеринен жана мажбурланган иш-чаралардан коргой турган мыйзам ченемдерин Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алуу керек деп эсептейм.
Мугалимге карата ата-энелер же администрация тарабынан көрсөтүлгөн басымдын же негизсиз айыптоолордун алдын алуу үчүн мугалимдин этикалык жана укуктук коргоо механизмдерин мыйзамда бекемдөө зарылдыгы да азыр абдан курч бойдон калууда.
Айыл мугалимдери үчүн ипотекалык жеңил насыяларды жана жөлөкпулдарды берүү менен биз агартуучулардын бир катар маселелерин чече алабыз. Жаш мугалимдерди да ар тараптан колдоо зарыл. Аларга насаатчылык программасын кирги зип, жаш адистерге турак-жай маселесин чечүүдө жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү керек.

Экинчиси, менин урааным – “Аял – үй-бүлөнүн өзөгү, коомдун тиреги”. Аялдардын коомдогу ордун бекемдөө, алардын укугун коргоо азыркы эң орчундуу маселелердин бири. Андыктан айыл аялдарына ишкерликти өнүктүрүү үчүн жеңил детилген насыя жана гранттарды берүү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү, кризистик борборлордун санын көбөйтүү, мамлекеттик кызматтарда аялдар дын үлүшүн көбөйтүү үчүн гендердик квоталарды ишке ашыруу сыяктуу маселелерди чечүү алдыдагы эң чоң максат болуп саналат.
Үчүнчүсү, социалдык адилеттүүлүк. Социалдык жардамды санариптик платформа аркылуу берүү – бюрократияны азайтып, жардамдын тез жана адилеттүү жетишин камсыз кылат. Аярлуу катмарды – майыптыгы бар жарандарды, жалгыз бой энелерди, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү мыйзам ар кылуу коргоо зарылдыгы да биз де орчундуу.
– Сиз үч жыл мектептин директору болуп иштедиңиз. Бул аралыкта кандай иштерди аткара алдыңыз?
– Мен 2022-жылдын 25-августунда директорлук конкурстан 80 пайыздык көрсөткүч менен өтүп дайындалгам. Ушул убакытта мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана билим берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бир катар маанилүү иштер аткарылды.

Инфраструктуралык жана ремонттук иштер (АРИС дол боору аркылуу):
— Мектеп короосуна кошумча жай (навес) орнотулду. Бул ишке 900 миң сом каражат жумшалып, окуучулар менен мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү.
— Мектептин 1-корпусунун сырты жылууланды. Бул иш-аракет АРИС долбоорунун жана Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн өздүк салымынын алкагында ишке ашып, жалпы 11 миллион сом каражат сарпталды.
— «Таза суу» долбоорунун алкагында санитардык- гигиеналык шарттар жакшыртыл ды. Ички дааратканалар толугу ме нен оңдоодон өттү. Буга 4,5 мил лион сом бөлүнгөн.
— Учурда Ысык-Көл курулуш башкармалыгы тарабынан мектептин 1-корпусу 147 миллион сомдук капиталдык ремонттон өтүүдө. Мектептин эмеректери толугу менен алмаштырылат. Сметасы түзүлүп бүттү. Бул мектеп инфраструктурасын толугу менен жаңылоого багытталган ири долбоор болуп саналат.
Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн да бир топ иштер жасалды. “Келечекке билим берүү” долбоору аркылуу 21 компьютер, алты проектор, бир принтер алынган. Агартуу министрлигинен төрт компьютер мектептин курорт филиалына келди. Жергиликтүү бюджеттен 142 миң сомго мугалимдер бөлмөсү жаңы эмерек менен жабдылган. Демөөрчү Эрмек Маркабаевдин жардамы менен 360 миң сомдук жаңы китептер сатылып алынган.
Окуучуларыбыздын да жетишкен ийгиликтери зор. Өткөн окуу жылында төрт окуучу “Алтын тамга”, үч окуучу Артыкчылык күбөлүгүнө ээ болду. Мугалимдер үчүн Алматы жана Ташкент шаарларына эс алуу уюштурулуп, мугалимдер арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп келет. Мектеп – бул кичинекей мамлекет. Эгер анын ичинде тартип, ынтымак жана натыйжа болсо, чоң системага да ошол үлгү болуп бере алат.
– Аял киши үчүн, өзгөчө айыл жеринде жетекчи болуу оңой эмес. Бул жолду кантип, кандай басып өттүңүз?
– Ооба, башында көптөр ишенген жок. Бирок мен бул жолдо үч негизги принципти кармандым. Биринчиси, кесипкөйлүк. Эмоцияга эмес, фактыларга жана мыйзамга таянып чечим кабыл алдым. Ошондуктан жамаатымдын, окуучуларымдын ишенимине ээ болдум. Экинчиси, коомчулук менен ишеним. Эл менен ачык диалог түзүп, алардын көйгөйлөрүн угуп, чечүүгө аракет кылдым. Үчүнчүсү, натыйжа. Эл жынысыңа эмес, жасаган ишиңе карайт экен. Кыргызстанда аял жетекчилердин саны 30 пайыздан ашпайт. Айыл жеринде бул көрсөткүч мындан да төмөн. Менин иш аракетим аял да жетекчилик кызматты татыктуу аркалай аларын далилдеди. Бул жөн гана жетекчилик эмес – бул сабырдуулукту, чечкиндүүлүктү жана эл үчүн кызмат кылууну талап кылган жол.

– Программаңызда билимди башкы ураан катары көрсөттүңүз. Педагог катары билим берүүдөгү курч маселелерди чечүүнү кандай элестетесиз?
– Биринчиден, мугалимдин статусу жана мотивациясы көтөрүлүшү керек. Эмгек акыны орточо республикалык деңгээлден жогору коюу, кошумча стимулдарды киргизүү, мугалимдерди ашыкча отчеттордон, кагаз иштеринен бошотуу, квалификациясын жогорулатуу үчүн үзгүлтүксүз курстарды уюштуруу зарыл.
Экинчиден, шаар менен айылдын билим деңгээлиндеги айырмачылыкты азайтуу керек. Айыл мек тептерин заманбап техника жана интернет менен камсыздап, XXI кылымдын талаптарына ылайык окуу программаларын жаңыртуу абзел. Үчүнчүдөн, жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчөтүү менен мектеп кеңештерине каржылоо жана кадр маселесинде реалдуу укук берүү да бир топ ишти жеңилдетет. Андан сырткары азыркы биздин мектептерге автономия жетишсиз. Бул жоопкерчиликти да, натыйжалуулукту да жогорулатат.
Булардын баары азыркы Агартуу министрлигинин деңгээлинде талкууланып жаткан концепциялар менен дал келген багыт. Демек, ал сунуштар эмоцияга эмес, практикага негизделгендигин баса белгилеп кетким келет.
Жыйынтыктап айтканда, мен жөн гана сөз менен эмес, Эл өкүлү катары мыйзам чыгаруу, бюджетти көзөмөлдөө жана саясий эркти көрсөтүү аркылуу билим берүүдөгү реформаларды ишке ашырууга белсенип, өзүмдүн педагогдук тажрыйбамды толук колдоном.

– Депутат болуп калсаңыз, өз аймагыңыздын кандай маселесин биринчи көтөрөсүз?
– Ысык-Көл – жөн гана кооз көл эмес, бул ЮНЕСКО тарабынан биосфералык аймак деп таанылган табият мурасы. Менин башкы максатым – анын экологиясын сактоо. Мындан тышкары туризмди өнүктүрүү менен жергиликтүү тургундардын жашоо деңгээлин жогорулатуу зарыл. Ошондой эле дыйкандар үчүн логистикалык борборлорду түзүү жана жаш мугалимдерди колдоо программаларын ишке ашыруу – менин артыкчылыктуу багыттарым.
Маектешкен Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кут билим”
Буйрутмачы: Байчубакова М.А. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер М.Жунушалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлү. Ишке ашыруучу: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Кут Билим» Медиа Борбору мекемеси. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН): 00704199310081. Дареги: Тыныстанов көчөсү, 257-үй, 104-бөлмө. Тиражы: 200 нуска. Жарыяланган күн: 14.11.2025-жыл. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер М.Жунушалиева тарабынан түзүлгөн шайлоо фондунун каражаттарынан финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Байчубакова Мээрим Акыловна тарабынан төлөндү.
Комментарийлер