Министрликте мектептик билим берүүнү реформалоо долбоорунун ишмердүүлүгү талкууланды
- 06.03.2026
- 0

2026-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде министр Догдуркул Кендирбаева менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу АӨБ миссиясынын алкагында уюштурулду.
Иш-чарага министрдин орун басары Надира Джусупбекова, социалдык сектор боюнча адис, Адам ресурстары жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери Маматкалил Разаев, банктын адиси Бактыгүл Омурзакова жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Жылдыз Узбекова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» демилгесинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты. Айрыкча мектептик билим берүү тармагындагы реформалардын алкагында каралган алты негизги саясий чарага өзгөчө көңүл бурулду. Аталган чаралардын аткарылышы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине жүктөлгөн.
Министр Догдуркул Кендирбаева быйыл профилге чейинки даярдык ишке ашырыларын белгиледи. Анын айтымында, бул кадам 2027-жылдан тарта мектептерде профилдик билим берүүнү киргизүүгө шарт түзөт. Ошондой эле министр мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн Базистик окуу планы ийкемдүү болуп, билим берүү мекемелерине академиялык эркиндик берүү зарылдыгын белгиледи.
Жолугушууда мындан тышкары инновациялык мектептердин учурдагы абалы жана аларды өнүктүрүү перспективалары тууралуу пикир алмашуу болду. Мындан сырткары, катышуучулар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылана турган башталгыч кесиптик билим берүү боюнча жаңы долбоорго даярдык иштерин да талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар жана сунуштар атайын эскерме катка киргизилип, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине сунушталары белгиленди.
Маалыматтык саясат сектору




Комментарийлер