МИНИСТРДИН ТОКТОГУЛ РАЙОНУНА ЖАНА ТАЛАС ОБЛУСУНА ИШ САПАРЫ

  • 11.04.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2025-жылдын 8-11-апрелинде Токтогул районуна жана Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир топ билим берүү мекемелерине барып, «Алтын Казык»  билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында жасалып жаткан иштер тууралуу кенен маалымат берди.

Иш сапардын алкагында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышып жаткан Токтогул районунун Кара-Жыгач айылындагы
Т.Жундубаев атындагы орто мектебине барды.

Министр изилдөөгө катышып жаткан окуучуларга ийгилик каалап, мугалимдер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Андан кийин мектептин имараты менен таанышты жана Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бекмурза Батыркуловго арналган музейди көрүп, эстелик китебине кол тамгасын коюп, ой-пикирин калтырды.

Мындан тышкары, мектептин алдында ачылган “Чынаркан Апа” балдарды эрте өнүктүрүү борборуна баш багып, ал жерде тарбияланып жаткан балдарга “Түлкү менен турна” жомогун окуп берди.

Токтогул районундагы №29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинде министр мектептин имараты жана күнөсканасы менен таанышып, анын жакшы уюштурулганын белгиледи. Ал күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза продукт окуучулардын ден соолугу үчүн пайдалуу экенин айтты.

Мектептин чарба башчысы Үсөнкан
Раманов билдиргендей, күнөскана 2021-жылдан бери иштеп келет. Анда помидор, бадыраң жана кулпунай өстүрүлүп, түшүмү окуучуларга берилет. Ошондой эле, окуучуларга биология сабагында экскурсия уюштурулуп турат.

Иш сапардын жүрүшүндө  министр Токтогул районунун Торкент айылындагы
А.Мамыров атындагы авариялык абалдагы мектепке барып, жаңы курулуп жаткан мектептин курулуш иштерин көрүп чыкты.

Билим   берүү  жана  илим  министри
Догдуркүл Кендирбаеванын Таластагы иш сапары да жемиштүү болду. Министр Талас районундагы А.Бөрүбаев атындагы Көк-Арык мектеби менен  А.Оторбаев атындагы мектепте пландан тышкары болуп, окуу кабинеттерин, STEM кабинеттерин көрүп, 11-класстын окуучулары менен Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктар жөнүндө баарлашып, министрлик тарабынан даярдалган “Санарип кампа”, Testing.kg – онлайн тесттер жөнүндө айтып берди.

МИНИСТРДИН ТОКТОГУЛ РАЙОНУНА ЖАНА ТАЛАС ОБЛУСУНА ИШ САПАРЫ

“Жаңы кадамдар менен өнүгүшүбүз керек. Окуучуларга берген билимибизди, эртең алар турмушта колдоно  билиши керек”, — деди министр.

Талас шаарында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева шаардык А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде мугалимдер менен жолугушту.

Иш-чарага Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси — акимдин орун басары Венера Мамбеталиева, Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат
Бейшенова, Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана коомдук өкүлчүлүк катышты.

Жыйында министр «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылы аткарылган иштер, 2025-2026-окуу жылына карата пландар тууралуу жана санариптештирүү деңгээлинде жасалган иштер жөнүндө кенен маалымат берди.

Иш сапардын негизги максаты — региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана жеринен чечүү.

ушул эле күнү  Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси Бакай-Ата районунун педагогдору менен да жолугушту.

Ачык баарлашууга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, райондун билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Министр «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруу боюнча мугалимдерге кенен маалымат берип, аймактагы мугалимдердин сунуштарын угуп, алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору боюнча пландарды талкуулады.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов катышуучуларга мазмундук өзгөрүүлөр боюнча презентация жасап, мугалимдердин суроолоруна жооп берди.

Жолугушуудан соң, Д.Кендирбаева жарандарды кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн угуп, мыйзам чегинде чечүү жолдорун түшүндүрдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер