КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРүЛДҮ

  • 21.02.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу  кесиптик лицейлердин жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү. Анда кыска мөөнөттүү окутууларды уюштуруу, дуалдык окутуу системасын киргизүү маселелери талкууланды.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРүЛДҮ

Кеңешмеде өлкө боюнча 4 459 студент дуалдык окутууга тартылгандыгы маалымдалды. Абазбек уулу Расул кыска мөөнөттүү курстарда окугандардын санын көбөйтүүнүн жана билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууну баса белгилеп,  жетекчилерге жаңы келишимдерди түзүү жана программаны кеңейтүү үчүн жумуш берүүчүлөр менен ишти жандантууну тапшырды.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРүЛДҮ

Андан тышкары окуу жайларда коопсуздукту күчөтүү чаралары да талкууланды. Берилген маалымат боюнча, Бишкектеги бардык кесиптик лицейлерде көзөмөлдөө жана кирип-чыгууну тескөө системасы орнотулган, ал эми Чүй облусунда мындай система эки кесиптик лицейде бар. Ушундан улам  кирип-чыгууну тескөө системасы орнотула элек кесиптик лицейлердин директорлоруна бул ишти колго алуу тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер