МИНИСТРДИН, МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕКТОРЛОРУНУН ПАКИСТАНДАГЫ ИШ САПАРЫ
- 16.01.2025
- 0
13-январда Кыргыз Республикасынын делегациясы Пакистан Ислам Республикасынын алдыңкы медициналык университеттерине жана мекемелерине барышты.
Делегация Пакистандын Медицина жана стоматология кеңешинде (PMDC) жаралган көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулоо жана андан ары кызматташуу боюнча иш алып барды.
Визиттин негизги максаты — жогорку медициналык билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө, квалификацияларды өз ара таануу маселелерин талкуулоо жана билим берүү программаларынын, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуунун үстүндө биргелешип иштөө.
Делегация Равалпинди улуттук медициналык илимдер университетине жана Исламабаддагы Шахид Зульфикар Али Бхутто медициналык университетинде болуп, делегация мүчөлөрү уникалдуу билим берүү тажрыйбалары менен таанышып, биргелешкен билим берүү программаларын түзүү жана ишке ашыруу, студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү жана стажировкаларды өнүктүрүү, билим берүү процесстерине санариптик технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карашты.
Комментарийлер