МИНИСТР ТАЛАС ШААРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 10.04.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Талас шаарынын А. Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде мугалимдер менен жолугушту.

МИНИСТР ТАЛАС ШААРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Иш-чарага Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси — акимдин орун басары Венера Мамбеталиева, Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова, Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана коомдук өкүлчүлүк катышты.

Жыйында министр «Алтын Казык» программасын аткаруунун алкагында 2024-жылы аткарылган иштер, 2025-2026-окуу жылына карата пландар тууралуу жана санариптештирүү деңгээлинде жасалган иштер жөнүндө кенен маалымат берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер