МИНИСТР ПАМИРЛИК ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ
- 25.03.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 25-мартта Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылындагы Б. Жумабаев атындагы орто мектепке жана Кара-Кабак айылынын Кара-Кабак орто мектебине барды.
Министр Б. Жумабаев атындагы мектептеги Памирден келген этникалык кыргыз окуучулар жана ошол мектепте эмгектенген памирлик мугалимдер менен жолугушуп, “Алтын Казык” программасынын алкагында 2025-2026-окуу жылына иш-аракеттер планы менен тааныштырып, алардын суроолоруна жооп берди.
Жолугушууга Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Бекназар Бакыбеков жана Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Алашов да катышты.
Комментарийлер