МИНИСТР ОЛИМПИАДАЧЫЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫ

  • 20.07.2024
  • 0

МИНИСТР ОЛИМПИАДАЧЫЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫСаналуу күндөрдөн кийин Париж шаарында Кыргызстандын намысын коргой турган өлкөбүздүн олимпиадалык курама команданын балбандары спорттук дарыгерлердин көзөмөлүндө Чолпон-Ата шаарындагы “Орион”  эс алуу жайынын “Дөлөн” спорттук комлексинде олимпиада алдындагы жыйынтыктоочу машыгууларын өткөрүп жатышкан. Олимпиадага даярдык көрүп жаткан спортчуларды жеңиштерге шыктандыруу максатында Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чолпон-Атага атайын барып келди. Ал спортчуларга олимпиадалык күч сынашууларда ийгиликтерди каалап, өз демилгеси менен балбандарга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

МИНИСТР ОЛИМПИАДАЧЫЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫ-Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1996-жылы Атланта олимпиадасынан бери жайкы олимпиадалык оюндарга катышып келүүдө. 2000-жылы Сидней олимпиадасында дзюдочу Айдың Смагулов коло медаль утуу менен эгемен Кыргызстандын байге эсебин ачкан. 2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин күмүш жана коло байге утуп алышы өлкөбүздөгү жүздөгөн жаштарды шыктандырып, бул спортко болгон кызыгуусун ойготкон эле. Тогуз жыл өткөндөн кийин украиналык балбандын допинг колдонгону аныкталып, эркин күрөштөн Базар Базаргуриевге коло медалдын тапшырылышы дагы  балбандарга ишеним жараткан эле. Ал эми Токио олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, алтын медалга бир кадам гана калып, күмүш медаль тагынышы, жаш балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарованын коло байге утуп алышы кыргыз балбандарынын дүйнөлүк рейтинги, чеберчилиги жогору экенинин далили болгон эле. Эми Кыргызстандын күрөш мектебинен таалим-тарбия алган балбандарыбыз Париж олимпиадасында жеңиштин бийик серелерине көтөрүлүп, спорт күйөрмандары көп жылдан бери күтүп келаткан алтын медалдарды багынтат деп ишенем, сиздерге жеңиштерди каалайм. Спорттук медицинага да көңүл буруп жатабыз. Учурда дүйнө жүзүндө спорттук ийгиликтерди жаратууда, спортчулардын кайра калыбына келип, табында болушуна спорттук дарыгерлердин салымдары тоодой. Ошондуктан быйыл Кыргыз медициналык Академиясына спорттук дарыгерлер үчүн бюжеттик 10 орун берилсе, быйыл ординатурага 16сы тапшырды. Спорттук дарыгерлердин машыгуу жыйындарында жүргөн учурундагы айлыктарын эки эсе жогору төлөп берүү маселесин дагы чечтик. Ошондой эле спорттук медицинага мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулса гана дүйнөлүк жана олимпиадалык ийгиликтер, жеңиштер жаралат -деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

МИНИСТР ОЛИМПИАДАЧЫЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫОшондой эле Алымкадыр Савирдинович спортчулардын ден соолугуна кам көрүп, табында болушуна өбөлгө болуп келаткан олимпиадалык курама команданын катарында Парижге бара турган дарыгерлерди да унуткан жок.  Ал башкы дарыгер Сагындык Айтбаев жетектеген  Республикалык спорттук реабилитациялык борбордун адистерине өз убагында жардам көрсөтүү үчүн жаңы медициналык жабдууларды, керектүү шаймандары менен заманбап баштыкчаларды тапшырып, спортчулардын ден соолугуна камкордук көрүп, аларды коштоп жүргөн медицина кызматкерлеринин ролун, мээнетин жогору баалады.

Спорттук дарыгерлердин атынан олимпиадалык команданын башкы дарыгери, Кыргызстанга эмгек сиңирген врач Бактыгүл Алишева спорттук медиктерге көңүл буруп жатканы үчүн министрге ыраазычылык билдирди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиевге Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш федерациясынын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев Париж олимпиадасынын алдында балбандарга дем берип,  жеңиштерге шыктандырганы үчүн спорт ишмерлеринин атынан ыраазычылыгын билдирип, быйылкы олимпиада оюндарга спортчулардын даярдыгы мыкты экенин, күйөрмандардын ишенимин, үмүтүн актоого бардык аракеттерди көрүшөөрүн, спорттук дарыгерлер дагы абдан чоң колдоо көрсөтүп жатышканын айтты.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

 

МИНИСТР ОЛИМПИАДАЧЫЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫМИНИСТР ОЛИМПИАДАЧЫЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫ

Фотолордун автору Тахир Гафуров

Бөлүшүү

Комментарийлер