МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БРИТАН КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 23.05.2024
  • 0

21-майда Лондондогу XX Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна катышуунун алкагында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Британ кеңешинин Европа боюнча аймактык директору Адриан Чадвик (Adrian Chadwick) жана Британ кеңешинин Борбор Азия боюнча өлкөлүк директору Дениз Вэддингем (Denise Waddingham) менен жолугушту.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БРИТАН КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын активдешүүсүн белгилешти.

Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасында мектептик билим берүү системасын реформалоо жана британ тараптын көмөгү менен башталгыч жана орто класстардын мугалимдерин англис тилине окутуу боюнча долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экендиги жөнүндө айтып берди.

Британ кеңешинин өкүлү бул багытта кызматташууга жана Билим берүү жана илим министрлиги менен активдүү иштешүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер