МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АӨБ МИССИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 09.07.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын Адам жана социалдык өнүгүү дирекциясынын сектордук тобунун (SG-HSD) социалдык сектор боюнча адиси Маматкалил Разаев жетектеген миссиясы менен жолугушту.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АӨБ МИССИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 

Тараптар мектептик билим берүүнү реформалоо секторун өнүктүрүү программасынын чараларын жана компоненттерин, долбоорду ишке ашыруунун жол-жоболорун талкуулашты.

Миссия корутундуларды жана сунуштарды камтыган билдирүү даярдап, аны аткаруучу агенттикке тапшырып берүүсү пландалууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер