МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА АЛАЙДА

  • 27.03.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 26-мартта Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан № 4 Кадырмамат уулу Абдразак атындагы мектеп-интернатка барды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев дагы катышты.

МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА АЛАЙДА

Д. Кендирбаева мектеп-интернаттын имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө сунушталганын белгиледи. Ошондой эле ал көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн бир катар мугалимдерге ыраазычылык кат тапшырды.

Мектеп-интернаттын директору Маматжан уулу Саматтын айтымында, азыркы учурда интернатта жалпы 383 окуучу билим алууда, анын 200ү жатаканада жатып окуйт.

МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА АЛАЙДА

Андан соң, Алай районунун Гүлчө айылындагы № 2 Тапык Отунчиев атындагы орто мектептин мугалимдери менен жолугушту

Министр мугалимдерге “Алтын Казык” программасынын алкагында 2025-2026-окуу жылына карата иш-аракеттер пландар тууралуу маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Мектеп директору Маратбек Нышанов министр “Алтын Казык” программасынын маанисин ар бир мугалимге эң жөнөкөй жана түшүнүктүү  жеткиргенин айтты.

МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА АЛАЙДА

 

Бөлүшүү

Комментарийлер