“Microsoft” КОМПАНИЯСЫНЫН “САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК” ОКУУ КУРСУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ИШТЕЛИП ЧЫГАТ
- 20.07.2023
- 0
Бүгүн, 20-июлда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” Коомдук бирикмеси жаштардын санариптик сабаттуулугун жана көндүмдөрүн жогорулатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.
Меморандумга кол коюуга билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев менен “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” Коомдук бирикмесинин тең негиздөөчүсү, “Санарип Инсан” долбоорунун координатору Азиз Солтобаев катышты.
Аталган Меморандумдун алкагында санариптик сабаттуулукту жана көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча “Microsoft” компаниясынын “Санариптик сабаттуулук” окуу курсу толук кыргыз тилинде иштелип чыгат. Ошондой эле “Мобилдик интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү курал” колдонмо китеби электрондук вариантта жарык көрөт.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен “Санарип Инсан” долбоору Пайтон программалоо тили боюнча кыргыз тилиндеги окуу курстарын иштеп чыккан. Анда 70тен ашык видео сабактар https://www.youtube.com/playlist?list=PLMi3cAj2tpBz9TEXvGHJ473Mb-luPrBR5 жана атайын материалдар бар.
Бул материалдар жеке жана мамлекеттик билим берүү жайларынын окуучулары, студенттери жана орто мектептердин информатика мугалимдери үчүн Python сабактарын окутуунун атайын методикалык презентацияларын камтыйт. Аталган материалдарды жогорку билим берүү системасынын Moodle LMS платформасына да жүктөсө болот.
Python программалоо тили боюнча видео сабактар — ийкемдүү жана күчтүү программалоо тилин өздөштүрүүнү сунуштайт. Курс Pythonдун негиздерин үйрөнүүнү жана программалоо жөндөмүн өнүктүрүүнү каалаган жарандар үчүн иштелип чыккан.
Комментарийлер