МЕЗГИЛ ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШ ӨНҮККӨН Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети
- 14.01.2026
- 0
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университети 2025-жылы билим берүү, илимий-изилдөө, эл аралык кызматташтык жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү багыттарында системалуу иштерди жүргүздү. Билим берүү программалары эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, инфраструктурасы кеңейтилип, студенттердин жана профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгүн колдоого багытталган бир катар маанилүү чечимдер ишке ашырылды. Аталган жетишкендиктер университеттин туруктуу өнүгүү стратегиясынын натыйжалуулугун айгинелейт.

Тарыхтан учкай баян
Илим изилдөө жана билим берүү ишмердиги аркылуу улуттар аралык достуктун алтын көпүрөсүнө айланган Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 1994-жылы Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы ар тараптуу кызматташууну тереңдетүү максатында, өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимдин негизинде Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи катары негизделеген. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын ошол кездеги Президенти А.Акаевдин Жарлыгы менен колледжге “Кыргыз-Өзбек университети” макамы ыйгарылган.
2021-жылы белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Б.Сыдыковдун аты берилип, Кыргыз-Өзбек университетине эл аралык статусу ыйгарылган. Билим берүү жана илим изилдөө аркылуу достуктун алтын ордосуна айланган бул окуу жай 2023-жылы бийик даражалуу “Достук” орденинин ээси болду.
Азыркы кезде
Эл аралык статустагы “Достук” ордендүү Кыргыз–Өзбек Эл аралык университети технологиялык башкаруу доорундагы дүйнөлүк атаандаштык шартында туруктуу иш ордун таба алган, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган. Университет көп баскычтуу билим берүү ишмердигин беш факультетте, төрт колледжде, өндүрүшкө керектүү орто билимдүү адистерди кыска мөөнөттө даярдоочу кесиптик лицейде жана инновациялык мектепте ишке ашырат. Окуу процесси Ош шаарындагы жети, Ала-Бука районундагы эки окуу корпусунда жүргүзүлөт.
Университеттин адистештирилген кафедраларында жана циклдеринде эмгектенген профессордук-окутуучулук курамдын арасында эл аралык деңгээлдеги окумуштуу-илимпоздор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Инженердик академиясынын академиктери, мүчө-корреспонденттери, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө жана илимине эмгек сиңирген ишмерлер, илимдин докторлору жана профессорлор, илимдин кандидаттары жана доценттери, ошондой эле тажрыйбалуу методист-окутуучулар бар. Алар дүйнөлүк стандарттардын негизинде алтымыштан ашуун билим берүү программасынын алкагында кесиптик билим берүү ишмердигин жүргүзүшөт.
Бүгүнкү күндө окуу жайдын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө он жети миңге чукул студент билим алууда.

Сапаттуу билим – мыкты шарт
Студенттердин кесипкөй адис болуп калыптанышына жана татыктуу билим алышына бардык шарттар түзүлгөн. Китеп фонду бир жарым миллиондон ашуун керектүү адабияттарды камтыган китепкана жана заманбап окуу залдары студенттер үчүн жагымдуу билим алуу чөйрөсүн түзөт. Дүйнөлүк интернет тармагына туташтырылган компьютердик класстар жана электрондук китепкана керектүү маалыматтарды ыкчам издеп табууга кеңири мүмкүнчүлүк берет.
Юридикалык билим берүү багытындагы токтом кана Өкмөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жаңы мыйзамдар жана токтомдор менен өз убагында таанышууга, аларды туура пайдаланууга шарт түзөт. Ошондой эле ал жакын жана алыскы чет өлкөлөргө барууну каалаган жарандарга тиешелүү мамлекеттердин мыйзамдары менен алдын ала таанышып, өз укук-милдеттерин так билүүгө көмөктөшөт. Юридикалык клиника студенттер үчүн гана эмес, жалпы жарандарга да кызмат көрсөтөт.
Калктын саламаттыгын сактоо багытында университеттин медициналык клиникасы иш алып барат. Ал ооруларды аныктоо жана дарылоо иштерин ыкчам жана так жүргүзүү максатында “Пирогов” сыяктуу акыркы үлгүдөгү инновациялык технологиялык жабдуулар менен камсыздалган. Бул медициналык жабдыкты университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун дипломатиялык чеберчилигинин аркасында алып келүү мүмкүн болуп, ал университеттин медициналык клиникасы жана эл аралык медициналык факультеттин пайдалануусуна берилди. Ошондой эле атайын даярдыктан өткөн адистер факультетте эмгектенген кызматкерлерди атайын даярдыктан өткөрүштү.

Дүйнөгө ачылган эшик
Дүйнөнүн жүз элүүдөн ашуун жогорку окуу жайлары, илимий-изилдөө мекемелери, эл аралык ири компаниялар жана чет өлкөлүк мекеме-уюмдар менен кызматташкан университеттин базасында корей, немис, англис жана түрк тилдерин үйрөнүү борборлору иш алып барат. Бул борборлор аркылуу кыска мөөнөттө каалаган чет тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Мындан тышкары, мамлекеттик тил, манас таануу, айтматов таануу, славян жана өзбек маданий борборлору өлкөбүздө жашаган бардык этностордун тарыхын, маданиятын, нарк-насилин таанып-билүүгө багытталган. Алар мекенибиздин бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жергебизде жашаган бардык этностордун ортосундагы ынтымакты жана биримдикти чыңдоого багытталган мекенчил уул-кыздарыбыз үчүн кызмат кылат.
Окуу процессин уюштуруу жана башкаруу максатында AVN маалыматтык системасы кеңири колдонулат.
Илим жолундагы изги ийгиликтер
Университет билим берүү ишмердигин жүргүзө баштаган алгачкы учурдан баштап, илимий изилдөөнүн борбору, билим булагы катары таанылган. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржыланган илимий долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу тогуз илимий борборду камтыган инновациялык изилдөө институту түзүлгөн. Ал изилдөө институтунда эмгектенген КӨЭАУнун илимпоздору Түштүк Кореянын Сеул шаарында кезек-кезеги өткөрулүп турган ойлоп табуучулардын дүйнөлүк көргөзмө-конкурсунда байгелүү орундарды (күмүш жана коло медалдарды) багындырып келишет.
Жогоруда белгиленген илимий борборлордо 14 багыт боюнча кабыл алынган аспиранттар (PHD) докторанттар илимий изилдөө иштерин алып барууда.
Университеттин илим жана инновация тармагы Өзбекстандын, Россиянын, Түркиянын, Германиянын ж.б. өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары жана илим изилдөө мекемелери менен биргелешкен илимий долбоорлорду аткарылышын камсыз кылып келет.

Алга сүрөгөн эл аралык байланыш
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети экинчи ирет эл аралык институционалдык жана программалык аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Анын негизинде кесиптик билим берүү жана илимий ишмердиги ырааттуу өнүгүү жолуна түштү. Бир канча эл аралык уюмдардын, бирикмелердин мүчөсү катары катталды. ТУРКСОЙ, ШКУ, ЮНЕСКОнун жол картасы түзүлүп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Ал келишимдин негизинде университет ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен биргеликте дүйнөлүк баалуулуктарын даңазалаган иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет. Ал эми Шериктеш кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн кызматташтыгын илимий аспектиде илгерилетүү максатында университеттин базасында ШКУ каанасы ачылып, Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университети менен биргеликте ири долбоорлорду ишке ашыруу макулдашылды. Германиянын «FAV — Тюрингияда тренинг» доолбору аркылуу Эрфурт соода-өнөр жай палатасы менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде Германияда кесиптик билим алууга багыт берип, мыйзамдуу жумуш ордун табууга көмөктөшөт. Ал эми EDUVISO программасынын алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин студенттери Германияда орто кесиптик медициналык окуу жайында окуусун улантып, ал өлкөдө ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Окуу жай Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун мүчөсү. 2020-2021-окуу жылынан тартып Россиянын жогорку окуу жайлары менен биргеликте кош диплом берүү программасын жүзөгө ашыра баштады. Тагыраак айтканда, Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтия мамлекеттик техникалык университети менен болгон программалык келишим боюнча студенттерге экинчи дипломго ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Мындан тышкары Өзбекстан, Россия, Казакстан, алыскы Греция, Венгрия, Индия ж.б. өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен түзүлгөн келишимдин алкагында студенттердин академиялык мобилдүүлүк программасы жүзөгө ашырылып, профессордук-окутуучулардын арасында тажырыйба алмашуу үзгүлтүксүз жүрүп турат.
Юридика-экономикалык, эл аралык медициналык факультеттери, медициналык колледжи, “STEM” жана Ала-Бука колледждеринин юридика-экономикалык багыттары рынок шартындагы дүйнөлүк атаандаштыкта туруктуу иш ордун камсыз кылган кесипкөй адистерди даярдап чыгарат. Ал эми педагогикалык багыттагы: тарых-филология, гуманитардык педагогикалык, инженердик-технологиялык, табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультеттеринде 12 жылдык билим берүүгө ылайыкташкан компетенттүү адистерди тарбиялап чыгарат.
Жамаат үчүн жагымдуу камкордук
Жыл башынан тартып университетте социалдык адилеттүүлүккө жана таза башкарууга өзгөчө көңүл бурулду. Окуу жайда жемкорлукту түп-тамырынан жоюу максатында ачык-айкын аттестациялоо процесстери жүргүзүлүп, ага катышкан окутуучуларга жана жалпы эмгек жамаатына университеттин каржы мүмкүнчүлүгүнө жараша 2025-жылдын 1-январынан тартып кошумча төлөмдөр бериле баштады. Бул — эмгекке берилген баа, жоопкерчиликти күчөтүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган принципиалдуу чечим.
Окутуучулар үчүн бардык шарттарды түзүү менен бирге, жогорку жоопкерчиликти да талап кылган системалуу иш алып баруу улантылууда. Анткени, сапаттуу билим — бул биринчи кезекте мугалимдин абийири, эмгеги жана тынымсыз изденүүсү.
Билим берүү программалары эл аралык деңгээлде таанылууда
Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча абройлуу эл аралык аккредитациялык агенттиги (IAAR — EQAR) тарабынан 2025-жылы аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, бул жетишкендик өз учурунда КӨЭАУнун билим берүү сапаты эл аралык стандарттарга толук жооп берерин тастыктады.
2025-жылы университеттин инфраструктурасын өнүктүрүү багытында да ири кадамдар жасалды. Жаңы ачылган Эл аралык медицина факультети жана медициналык колледжи үчүн 10 000 чарчы метрден ашкан заманбап окуу имараты ишке берилди. Бул келечектеги медицина адистерин даярдоодо сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачты.
Өзгөчө сыймыктанарлык жетишкендик — университеттин билим берүү программаларынын эл аралык деңгээлде таанылышы болду.
- “Дарылоо иши” (чет элдик студенттер үчүн) жогорку кесиптик билим берүү программасы IAAR агенттиги тарабынан 5 жылдык мөөнөткө эл аралык (EX-ANTE) программалык аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Бул баалоо WFMO, AMSE жана ESG эл аралык стандарттарынын негизинде жүргүзүлүп, IAAR агенттигинин Аккредитациялык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы №98 чечими менен университетке медициналык багыттагы адистерди даярдоо дүйнөлүк жана европалык талаптарга жооп берерин тастыктаган сертификат ыйгарылды.
Мындан тышкары, аталган билим берүү программасы боюнча IAAR агенттигинин сырткы эксперттик комиссиясынын отчету эл аралык DEQAR маалымат базасына жайгаштырылып, КӨЭАУнун дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги ордун дагы да бекемдеди.
Аймактын көйгөйлөрүн чечүүгө катышууда
Университеттин кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 12 жылдык билим берүүнү тереңдетип үйрөтүү багытында мугалимдер үчүн да атайын семинар-тренингдер үзгултүксүз уюштурулуп турат.
Университеттин базасында өздүк басмакана да иш алып барат. Азыркы учурда борбор түштүк аймактардагы өзбек тилдүү мектептерге зарыл болгон окуу куралдарын даярдоо багытында үзгүлтүксүз иш алып барууда. Ушул күнгө чейин жүз жетимиш эки аталыштагы окуу куралдарын эки миллион нуска менен чыгарылып, алар мектептерге таратылып берилген. Уникалдуу университеттин бул иш аракети – ааламдашуу процессинде өлкөбүз жайгашкан чөлкөмдө жашаган бардык этностордун улуттук баалуулуктарынын бирдей шартта өнүгүшүн камсыз кылып, өлкөбүздү улуттук бүтүндүк катары сактап калуу максатында аткарылып жаткандыгын белгилей кетишибиз шарт.

Кыргыз спортунун жылдызына айланган студенттер
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети үчүн өткөн жыл спорт тармагында да бараандуу ийгиликтер менен коштолду. Кыргыз Республикасынын XVII чемпионатынын жогорку лигасында кыз-келиндер клубдук командалар арасында мелдеште гуманитардык-педагогикалык факультетинин дене тарбия жана спорт кафедрасынын лаборанты Таннуру Таирова мыкты оюн көрсөтүп, 1-орунду жеңип алды.
Түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы универсиадада Кыргызстандын курама командасынын 1-орунга ээ болушуна өзгөчө салым кошкон спортчулар — биздин эң мыкты волейболчу студенттерибиз Эрнис Токтосунов менен Иляз (Азирет) Абдимомун уулу болду жана алар “Эң мыкты оюнчу” жана “Эң мыкты чабуулчу” номинациялары менен сыйланышты.
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Алымбек Датканын 225 жылдык юбилейине карата өткөрүлгөн “Ордо” улуттук оюнунун Ош шаары боюнча ЖОЖдор арасындагы биринчилигинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин курама командасы экинчи байгелүү орунду камсыз кылып, намысты колдон чыгарган жок.
Түрк университеттер биримдигинин II салттуу спорт оюндарында балбан билек студентибиз Жакып уулу Эржигит таяк тартыш боюнча мыкты чеберчилигин көрсөтүп, 1-орунга ээ болду. Дене тарбия жана спорт кафедрасынын мугалими Абдулазиз Назаров тарбиялаган студенттерибиз Шарапов Самат, Кушбаев Жумабек, Тилек уулу Арген жана Адилет Азимбековдор стол тенниси боюнча жыл бою алдыңкы орундарды эч кимге беришкен жок.
Жакында эле Монголия чемпионатында кыргыз спортунун жылдызына айланган сыймыктуу студентибиз, КР улуттук курама командасынын оюнчусу Абдымомун уулу Ильяз (Азирет) Монголиянын волейбол чемпионатында мыкты оюнчу деп табылды. Бул ийгиликтер мындан ары да улана берерине ишеним чоң.

Улам жаңыланган заманбап база
Университеттин материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана кеңейтүү иштери тынымсыз жүрүп келет. Атап айтканда, быйылкы жылы №7 окуу имаратыкапиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңы эмеректер менен камсыздалып, окуу жайдын пайдалануу аянты 10 миң чарчы метрге көбөйдү. Аталган имараттын айлана-чөйрөсү көрктөндүрүлүп, жаңыдан откана курулуп, короосун асфальтоо жумуштары аткарылды. Ал эми 5 000 чарчы метрге жакын аянтты ээлеген № 5 окуу имараты жана 3550 чарчы метрге барабар студенттик жатакана жана 3475.16 чарчы метрге барабар № 3 окуу имараты да капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
400 орунду жыйындар залынан, синхрондук котормо аппараты менен жабдылган конференц залынан, электрондук китепканадан, ашканадан турган маданий-эстетикалык комплексинде университеттин студенттери жана профессордук-окутуучулар курамынын катышуусунда маданий-массалык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Ошондой эле компьютердик база да жаңы, заманбап каражаттар менен толукталууда. Атап айтканда, учурда университеттин оргтехникалар паркын миңге жакын компьютер, төрт сервер, эки жүздөн ашык принтерлер, 72 проектор, 73 интерактивдүү доска, 62 интерактивдүү-сенсордук панелдер түзөт жана заманбап билим берүү максатында үзүрлүү пайдаланылып келет.
Таланттар тапталган куттуу жай
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде маданий-массалык иш-чараларды уюштурууда студенттик Жаштар комитети жигердүү иш алып барат. Бул комттетке коомдук-маданий иш-чараларды уюштурууга жана социалдык долбоорлорго катышууга шыктуу, лидер жаштар чогулган. Алардын бирдиктүү демилгеси менен университетибизде бир топ алгылыктуу саамалыктар жүз берүүдө.
Ал эми студенттик Обдусмен уюму окуу жайдан сырткы чөйрөлөрдө да студентердин укугун коргойт. “Достук планетасы” газетасы ай сайын чыгарылып, “Достук” телестудиясы студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин чагылдырып турат. Ошондой эле чыгармачылыкка шыктуу студенттердин башын бириктирген “Достук” чыгармачылык жаштар борборунда иш алып барат. Анда жаш таланттардын тушоосун кескен мыкты адабий кечелер, жолугушуулар өтүп турат. Тил үйрөнүүгө ынтызар студенттер үчүн тил үйрөтүү курстары акысыз каралган.
Спорттук иш-чаралар үчүн “Достук” спорт клубу да бар. Спорттук секциялар үчүн спорт манежи, спорт залы, кичи футбол аянтчасы түзүлгөн. Спорт багытында түзүлгөн мыкты шарттын натыйжаларында университеттин студенттери да, окутуучулары да шаардык, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырып турушат.
Алыскы аймактардан келип окуган, академиялык мобилдүүлүк программанын алкагында сырттан келген студенттер мезгил талабына жараша жабдылган студенттик жатаканага жайгаштырылат. Тажрыйба алмашуу же конок лекция окуу үчүн башка окуу жайлардан келген мугалимдер, профессорлор үчүн атайын даярдалган конок үйү пайдаланылат. Ошондой эле окуу корпустарынында студенттик ашканалар иштейт.
Студенттик стартаптар иштей баштады

2025-жылдын 17-мартында Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык Университети (КӨЭАУ) менен Enactus Kyrgyzstan улуттук уюмунун ортосунда эки тараптуу кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул макулдашуу Кыргызстандын Түштүгүндө студенттик ишкердикти жана туруктуу билим берүү экосистемасын калыптандыруунун жаңы баскычы болуп калды.
КӨЭАУ жана Enactus Kyrgyzstan уюмунун жетекчилигинин колдоосу менен “Enactus КУМУ” командасы түзүлүп, ага педагогика, бизнес, IT жана экология факультеттеринин активдүү студенттери киришти. Команданын ишин координациялоону КӨЭАУнун эл аралык байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Нармирзаева Шарапат колго алып, натыйжалуу иш-чаралар жүрө баштады. Тактап айтканда, университеттин ичинде коомдук ишкердик системасын түзүү аркылуу КӨЭАУнун базасында коом үчүн маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган студенттик стартаптар иштей баштады. Ар бир долбоор билим берүүчүлүк, коомдук жана экономикалык натыйжаларды айкалыштырат.
Мисалы, FruitLife KUMU долбоорунда ден-соолукка пайдалуу тамактануу маданиятын жана жергиликтүү мөмө-жемиштерди кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган, табигый мөмө чипстерин өндүрүү жолго коюлган. Өздүк бөлмөсү курулуп, дегидраторлор орнотулуп, өндүрүш жана сатуу ишке киргизилди. Ошондой эле университетте учурда “TutorLab” аутизм балдарды колдоого багытталган коомдук-педагогикалык долбоор, “Макулатура” кагаз таштандыларын чогултуу жана кайра иштетүү боюнча экологиялык демилге, “TerraFood” фермерлер менен сатып алуучуларды түздөн-түз байланыштырган санарип платформа жана “EcoMate” жаштардын экологиялык маданиятын өнүктүрүүгө багытталган онлайн платформа, жалпы беш стартап иштеп жатат.
Жыйынтыктап айтканда…
Кыргыз-Өзбек эл аралык университети заманбап материалдык-техникалык базасы, жаңы көз караштагы окумуштуу-окутуучулары менен билим берүү жана илим багыттары боюнча изилдөө иштерин заман талабына жараша жаңы нукта жүргүзүп, төртүнчү муундагы университетке айланууга ишенимдүү кадам таштап, көп баскычтуу билим берген уникалдуу окуу жай катары коом алдындагы миссиясын татыктуу аркалап келе жатат.







































































Комментарийлер