МЕНТОРЛУКТУ ТУУ ТУТКАН ИНСТИТУТ

  • 13.02.2026
  • 0

Ош облустук билим берүү институту мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууда  жана кесиптик даярдыгын өнүктүрүүдө союздан калган насаатчылыкка эмес, менторлукка басым жасайт. Бул тууралуу бизге аталган институттун директору Аматов Советбек Маширапович айтып берди.

МЕНТОРЛУКТУ ТУУ ТУТКАН ИНСТИТУТ

Жетекчинин пикиринде, мугалимдерге усулдук колдоо берүүдө буга чейин бир топ кемчиликтер жана кыйынчылык  болуп келди.
— Айлык акынын аздыгынан усулчулук ишке  бизде мектептен өз ордун таба албай калган жөндөмсүз мугалимдер келип иштеген учурлар көп болбосо да, кээ-кээле кездешип калчу. Андайлар усулчулук ишти тескөөчүлүккө алмаштырып алчу. Азыр андай эмес. Биз усулчулардан мугалимдерге усулдук колдоо, коштоо жүргүзүүдө союздан калган насаатчылыкка караганда менторлук маданият көндүмдөрүн, элементтерин көрсөтүүнү талап кылып жатабыз. Мындай мамиле институтта ай сайын өтүүчү курстарда да орун алууда, — дейт Советбек Маширапович.

(12 жылдык билим берүүнүн алкагында  институтта жүрүп жаткан усулдук иштердеги өзгөрүүлөр туурасында гезиттин жакынкы санынан кенен тааныша аласыздар)

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер