«Менин насаатчым» семинар-практикуму
- 26.03.2025
- 0
Бишкекте «Менин насаатчым» программасынын алкагында «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» куралын колдонуу менен жыйынтыктоочу мектеп аралык семинар-практикум болуп өттү. Иш-чарага Бишкектеги 20 пилоттук мектептен 60ка жакын мугалимдер, окуу бөлүмүнүн башчылары жана мектептердин усулдук бирикмелеринин жетекчилери катышты.
Практикумдун жүрүшүндө мугалимдер өз мектептеринде насаатчылыкты ишке ашыруу жана өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, аны мугалимдерди колдоонун жана кесипкөйлүгүн жогорулатуунун эффективдүү каражаты катары өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдарын талкуулашты.
Сабактарды көрүү жана көрсөткүчтөрдү аныктоо иш чараларынан кийин педагогдор алынган маалыматтарды талдап, пикир алышты.
Комментарийлер