МЕНИН БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ АТАМ БОЛГОН

  • 09.03.2020
  • 0

Зинакан Пасаӊова:

«МЕНИН БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ АТАМ БОЛГОН»

МЕНИН БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ АТАМ БОЛГОН

Мен турмуштун кайтпайын кай жолунан,

Мөөрөй утуп, же томсоруп куру кол,

Көңүлүмдө атама арнап тургузган

Эстеликке алып келет бардык жол!

 

Өмүр сересиндеги ой

 

Атам мен бала чагымда эле «кызым журналист болот» деп көп айтчу. Бул анын аялуу тилеги беле, же табигат ыроологон касиеттин жылт эткен учкунун байкап айтканбы, айтор атамдын оозуна сала бергендей, калемгерлик кесиптин ысык-суугун көтөрүп келатканыма чейрек кылымдан ашты. Бул жылдары ой элегимден, жүрөк сезимимден өткөрүп нелер жөнүндө гана жазбадым. Айрыкча, калемимди күүлөп, акылыма жем таштап, шыгыма шык кошкон сүйүктүү темам: улуу замандаштарым, залкар инсандар, же жөн эле карапайым жакшы адамдар жөнүндө көп эле баяндадым. Бирок көңүлүмө көп жылдар бою багып жүргөн ушул эскерүүнү баштоого даабай, бир чети өз атам жөнүндө шардана кылып жазууну өрөскелдик деп ойлоп, жүрөк талабымды күч менен басып келгениме өкүнөм.

Доорлор алмашып, атам жашаган кайталангыс мезгил тарыхтын бир бүктөмүндө эскирип, кийинки муундар үчүн анын жашоо маңызы, бүт өмүрүн арнаган улуу иштердин мааниси жоголду деген кыска оюм да буга себеп болгондур. Бирок эс-акылың жетилип, турмуштук тажрыйбаң арткан сайын аталардын акылына улам кайрылып, тамырың кайдан өнүп чыкканын билгиң келет экен.

Өмүрдүн туу белесине туруп, артка-алдыга сарасеп сала карап калган маалымда жашоомдо эң башкы мугалимдерим жана улуу устаттарым жанда жок акылгөй жана баласаак ата-энем болгонуна ынанам. Бүт өрөөнгө таанымал өрнөктүү өмүрдүн ээси атам Пасаң Кочкорбаев 40 жылдык педагогдук ишмердиги менен жүздөгөн окуучуларынын жүрөгүндө «Агай» жана «Устат» бойдон сакталып калганына мезгил күбө.

***

Айылдын асыл агайы

 

Айылда өзүнөн кыйла эле улуу аксакал кишилер атамды «агай» дешчү. Атынан айтышпай «агай» дешкенинде өтө чоң ызаат сезилчү. Алардын көбү атамдын алгачкы окуучулары болушкан. 1931-жылы он сегиз жашында алыскы Алай районунун бийик тоолуу Мурдаш кыштагында биринчи жолу мектеп ачып, 17 адамды окууга тарткан экен.

Мезгил саргайткан өздүк архивинде бул жөнүндө өз колу менен жазган так маалыматтар бар: «1931-32-окуу жылында Мурдаш айылынын Кызыл-Булак участкасында Шиш-Дөбө тоосунун түбүндө Чопок Сурановдун там үйүндө биринчи мектеп ачып, алгач 17 баланы окуткамын.

Мектепке Мурдаш айылынан башка 6-12 чакырым алыстагы Бүлөлү, Ак-Чукур, Жан-Шоро, Күң-Элек, Согонду кыштактарынан да балдар келип окушкан. Аларды үймө-үй кыдырып, ата-энелерине түшүндүрүп жүрүп өзүм чогулттум. Жашы 6-15теги балдар аралашып, жерге тегерете олтурушуп, колдоруна кагаз, калем кармашкан.

Ал эми 1939-40-окуу жылында биздин башталгыч мектеп райондо экинчи болуп жети жылдык мектепке айланды. Деректирлигине мен дайындалдым. Бул учурда окуучулардын саны 124кө жетти».

***

Ош шаарында Патар Калмурзаев деген кадырман карыя, милициянын отставкадагы подполковниги жашайт. Мындан үч жыл мурда редакцияга мени издеп келиптир:

— Агайдын кызы экениңди угуп, көрөйүн, сүйлөшөйүн деп эңсеп жүрөм. Мени Пасаң агай окуткан. Атам кичине кезимде кайтыш болуп, жетим элем. Киерге бут кийимим жок. Окууга ынтызарлыгымды байкаганбы, же көңүлү өссүн дегенби, 5 жашымдан мектепке көтөрүп келип окуткан. Агайга арнап жазган көп ырларым бар. Өзү окубай калса да кызы окусун дедим.

Патар аба атам жөнүндө жазган ырлары быйыл жарык көргөн алгачкы китебинде да жүрөт. Өзүнүн биринчи мугалимине болгон ыраазычылыгын 70 жылдан ашуун жүрөгүнө сактап келген адамдын бул ыр саптары атама койгон чоң эстеликтей туюлду:

«Айылда бирөө танабы,

Мугалим болуп биринчи

Ачканын мектеп Пасаңдын?

Беш жашта элем мен жетим.

Көкүлүм сылап окуткан

Жоктотпой жогун атамдын».

 

***

Мурдаштын биринчи мугалими

 

Азыркы жаңы мектептин жанында тээ 70-жылдары биз окуган жапыз жана эски мектеп имараты көптү көргөн карыдай даанышман жупунулугу жана сүйкүмү менен жүрөккө жакын.

Булар биздин айылдагы экинчи жана үчүнчү муундагы мектептер. Ал эми алгачкы салынган мектептин бузулуп кеткенине көп болду. Мен анда 1-класстын жарымына чейин окуп калдым. 1962-жылы беш жашымда ошол мектептин босогосун аттагам. Мени да эӊ биринчи атам окуткан.

Биздин класстын тар терезесинен көрүнүп турчу тоо карагаттары алигече көз алдымда. Сентябрь айында окуу ачылган маалда мөмөсү капкара болуп мөлтүрөп бышып калган экен. 1-класстын окуучуларына атам өзү үзүп берип ооз тийгизген. Бул карагаттарды атам тоодон алып келип олтургузса керек деп ойлойм. Анткени тоо карагаттары биздин үйдүн багында да өсүп турчу.

Ошол мектепти да Пасаң Кочкорбаев 1939-44-жылдары Мурдаш жети жылдык мектебинин деректири болуп иштеп турганында ашар жолу менен салдырганын көп жолу өз оозунан уккам. Билимдүү мугалим кадрлар таңкыс болгондуктан согушка барбай калыптыр. Бирок билим берүү майданында да оорчулук согуштагыдан кем эмес эле. Мектептин имараты бүтүндөй мугалимдердин, элдин жана жогорку класстардын окуучуларынын күчү менен бүтүптүр. Терезелерине айнек жок болгондуктан, эчкинин терисинен ийлетип, жаргак тактырган экен.

Ошол учурдагы ач-жылаңач, аталарынан, агаларынан айрылган жүрөгү өксүк балдарды мектепке тартып, билим бериш да оңойго турбаса керек. Дарыянын өйүзүндөгү балдарды кышында буттары үшүйт деп өзү атка өңөрүп кечмеликтен өткөрүп келип окутчу эле дешет. Жайкысын жашы чоңураак эркек окуучулары менен барып тоодон отун алып, мектепти кышка даярдачу экен. Айылда канчалык турмуш оор, кыйынчылыктар болсо да, камбыл жана камкор деректирдин жан үрөгөн мээнети менен Мурдаш жети жылдык мектебинде окуу үзгүлтүккө учурабай, окуу-тарбиялык иштер да жогорку деңгээли менен айырмаланып туруптур.

Согуш жылдарында билим берүү жаатындагы эмгеги үчүн атам 1944-жылы Алай районундагы мугалимдердин ичинен биринчи болуп «СССРдин Эл агартуусунун мыктысы» деген төш белги, ал эми 1949-жылы «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

***

 

Устаттын куттуу үйү

 

Мурдаш айылындагы мен төрөлүп өскөн үйгө катарлаш дагы эки эски там турат. Анын эң эскисинде атамдын балалыгы, жигиттик курагы өткөн. Биз эс тарткан маалда эле бул үйдүн шыбында сырдалбаган эски бешиктин жыгачтары илинип турчу. Бул бешикке чоң аталарымдын бир нече мууну жаткан дешчү. Алардын баары айылдагы кадырман адамдардан болушкан экен. Өсүп-өнүп, тукуму улансын деген тилек менен атадан балага өтүп терметкен бешик үй-бүлөлүк реквием катары муундан-муунга сакталып келди.

Ал эми чоң атамдын үйү ХХ кылымдын башында Мурдашта биринчи салынган там үй болуп, айылга келген сыйлуу меймандардын бардыгы ушул үйдөн узатылып, качан болсо эшиги ачык, келим-кетим көп, дасторкону мол, куттуу ордо катары ушул күнгө чейин аңыз кылышат. Орто оокаттуу болсо да калыс кеби, нарк-насили менен айылдын билермандарынын бири катары кадыр-баркка ээ чоң атам Кочкорбай өз убагында баласынын билимдүү болушуна кызыгып, Эсенбай калпа дегенге окууга берет. Беш жыл бою Куранды оозеки жаттагандан башканы билбеген атам 1928-жылы сабатсыздардын курсу ачылганда биринчилерден болуп кирип, бир күндө эле «Алиппедеги» тамгалардын баарын таанып-билип, кечиндеси үйгө келгенде шатырата окуп берсе, «сени жин даарыды» деп чоң атам кууп чыгыптыр. Ошол күнү жыйылган чөптүн үймөгүндө түнөсө да, чыныгы билимдин жолуна өжөрлүк менен түшөт.

***

 

Баа жеткис таберик

 

Атам бизге көп айтаар эле: «Мен өмүрүмдө эки гана жыл окудум. Бирок ошол убакта биз эң билимдүү болгонбуз».

Мезгил ушуну талап кылган. Жаңы доорду куруу үчүн он жылдап мектепте, анан беш жылдап институтта окууга убакыт болгон эмес. Сабатсыздыкты жоюу курсунда тамга тааныгандан кийин 1929-жылы Ош шаарында ачылган 9 айлык мугалимдерди даярдоо мектебине кирип окуйт. 1938-жылы Каракол шаарындагы 9 айлык жети жылдык мектептерге мугалимдерди даярдоо курсунун тарых бөлүмүн бүтүрөт. 1947-жылы Кыргызстан КП БКнын алдындагы 9 айлык партиялык мектепте билим алган. Бар болгон билими ушул болгон. Тез аранын ичинде кадрларды даярдоо зарылдыгы менен кыска убакытта алган чала-чарпыт сабаты менен чектелбей, атам өмүр бою өз билимин өркүндөтүп келди.

Мен эс тартканы атамдын колуна китеп түшпөйт эле. 50-60 жашка барып калса да Маркс, Энгельс, Ленин жана башка көптөгөн коомдук ишмерлердин, философтордун чыгармаларын, көркөм чыгармаларды, гезит-журналдарды кунт коё окуп олтурганын көрчүмүн. Тек эле окуп койбой, өтө маанилүү жерлерин белгилеп, кагазга көчүрүп, же атайылап тиркеме жасап, айтылган ойлордун, маалыматтардын маңызын чагып, акыл-сезимине өчкүс кылып сиңирер эле.

А түгүл биз бала болсок да ар бирибизге арнап дептер ачып, улуу ойчулдардын өзү баалаган сөздөрүн, ырларды көчүрүп, өзүнүн акыл-насаатын жазып, мураска калтырган. Кеч көргөн балдары – биз – чоңоюп-жетилгиче көзү өтүп кетеринен чочулаганбы, айта турган акылын, бере турган насаатын ошентип камдаптыр.

***

 

Уядан тапталган куш

 

Жаш кезинен эле жамактап ыр курап, ыр жаза койсо да атам эч убакта өзүн акындардын катарына кошкон эмес. Чыныгы адабиятты өтө жогору баалап, чыгармачылыкка сүйүүсүн жүрөгүнүн тереңинде жана таза сактаган. 50-жылдардагы кыргыз адабиятында чоң табылга болгон Чыңгыз Айтматовдун «Обон» деген алгачкы китебин, Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын, «Жолборс терисин кийген баатыр» дастанынын котормосун, Карл Маркстын өмүр таржымалы жөнүндө көркөм баянды көзүнүн карегиндей сактап жүрүп, мен 8-классты «эң жакшы» деген баалар менен аяктаган күнү өтө ыйык белек катары тартуулаганы эсимде.

Балдарынын эң улуусу мен бир аз чоңоюп, китептин баркын түшүнгүчө кирдүү колго карматпай сактап келиптир.

Ошол китептерди окугандагы таасирим алигече унутулбайт. Балалык дүйнө таанымым байып, керемет кыял-дүйнөгө кабылдырган. Үйүбүздөгү өздүк китепканада жыйналган китептерден улам азыр атамдын көркөм табитинин жетиктигине таң калам. Чыныгы адабиятты айрып-тааный билген жана аларды көзүнүн карегиндей сактап, эң баалуу дөөлөт катары баарынан бийик койгон. Үйгө көр дүнүйөнүн ордуна китеп жыйып, рухий азык катары бизге таберик калтырган.

Ал эми журналистикада мени атам телчиктирди. Өзү 1949-52-жылдары Алай райондук «Кызыл Кыргызстан» гезитин түптөп, алгачкы редактор болуп иштеген. Бардык иштер кол менен жасалуучу типографиялык жумуштардан тартып макалаларды жазуу, редакторлоо, корректорлоо – бүт жумуштарды өзү аткарыптыр. Гезитте иштеп жүрүп алган тажрыйбасын мен 3-класста окугандан баштап кабарчылык өнөргө бүт дити менен үйрөтүүгө жумшады.

Райондук гезитке, «Кыргызстан пионерине», радиого кыска кабар жазууга машыктырды. Биздин муун мени кабарчы катары мектеп мезгилинен бери жакшы таанып калышканы да ушундан.

5-класста окуп жатканымда алыскы Украинанын пионердик «Зiрка» гезитине Кыргызстан жөнүндө бир бет арналып, анда «Кыргызстан пионеринин» активдүү кабарчысы катары менин да чоң сүрөтүм чыккан. Учу-кыйыры кең Украинанын бардык аймагынан каттар, бандеролдор, посылкалар жамгырдай жааган. Күнүнө 300-500 кат таңгак-таңгак болуп келип, ачууга үлгүрчү эмесмин. Ошол убактагы окуучулардын бири-бирине тилектештигин, таанып-билүүгө ынтызарлыгын азыркы муундун балдары, мүмкүн, түшүнбөстүр.

Бул каттардын көпчүлүгү алигече Мурдаш мектебинин «Достук бурчунда» сакталып турат. Таанышуу каттарынын бардыгына жооп берүүгө чамам жетпесе да атам: «Адам деп кайрылгандан кийин жоопсуз калтырыш жакшы эмес» деп, машинкага өзү көчүрмөлөп берген ыраазычылык каттарын эч болбосо бир жолу жөнөтүп коюшумду талап кылаар эле.

Атам эс алууга чыккан жылы 61 жаш курагында эле бул дүйнөдөн кетти… Ошол жылы мен Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин биринчи курсунда окуп жаткам, «Мугалимдер газетасына» атамдын мугалимдик кесиби жөнүндө макалам жарык көрдү. Аны окуп аябай толкунданып, терисине батпай сүйүнүптүр. Үйгө гезитти көтөрүп келип, апама көрсөтөрдө ыйлап жибериптир. Өзү жөнүндө жазылганына гана эмес, менин журналистикадагы биринчи олуттуу макаламды көргөнүнө ыраазы болуп: «Эми арманым жок», — деген экен.

***

Катаал талап жана кеӊ пейил

МЕНИН БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ АТАМ БОЛГОН

Биринчи мугалим, биринчи коммунист, биринчи актив… «Биринчилердин» бул мууну бизге турмуштагы өрнөгү, эл алдында өтөгөн ак кызматы, туу туткан бийик идеялары жана чындыгы менен маяк боло алышат. Алар жашоонун акыйкат сырын ак жүрөктүктөн, чынчылдыктан, эмгектен табышкан экен.

30-жылдардын революциячыл демин атам өмүр бою жүрөгүндө таза сактады. А түгүл ошол мезгилдин комиссар кийимин да үстүнөн түшүргөн жок. Ак жакалуу аскердик кител, галифе шым, хром өтүк, кайыш тон. Кителинин ак жакасына кир жугузбай, аскердегиден бетер өз колу менен жаңылап алмаштырып турар эле. 30-жылдары тап күрөшү күчөп турган мезгилде «коммунисттер эскинин саркындысы болгон маасыны кийбеш керек» деп тоонун каардуу кышында да туфличен ат үстүндө жүрүп, буттарыма суук өткөрүп алгамын», — дечү. Анын азабын улгайган чагында аябай тартты. 70-жылдары эле оорулуу буттарына жылуу жана бүгүлүп-жазылганга ыңгайлуу деп маасы кийип барса, мектептин партиялык комитетинин бюросунда атайын маселе каралып, «мугалим маасы кийбеш керек» деп тыюу салынганын билем.

Коммунисттердин алгачкы муунунун өкүлү катары өмүрүн адал жашап өттү, коомдогу акыйкаттык, тазалык үчүн күрөштү. «Таза болууну эң биринчи өзүңдөн башта!» деген принципти туу туткан. 50-жылдары партиянын Гүлчө райондук комитетинде инструктор, райондук гезиттин редактору катары партбюронун мүчөсү, чарбанын партиялык уюмунун катчысы, андан кийин мектепте иштеп турган жылдары жаңыдан пайда боло баштаган жегич-ичкич жетекчилерге күн көрсөтпөптүр.

Ошол жылдары райкомдун биринчи катчысы менен кармашкан окуясын көп эскеришип жүрүшөт. Мал чарбалуу Алай районуна койлорду асыл тукумдаштыруу үчүн Англиядан алып келинген асыл тукум эки кочкордун бирин колхоздун башкармасы райкомдун биринчи катчысы келгенде кошоматка союп берип, чоң шаан-шөкөт менен башын тартып, сый көрсөтөт. Кийин бул кочкордун дайны жогору жактан изделе баштаганда, биринчи катчы да, башкарма да «бээ көрдүңбү — жок, төө көрдүңбү — жок» дешип, «ууру алып кеттиге» шылташат.

Атам бул чарбага он үчүнчү комиссия болуп барып, кочкордун башын ким жегендигин аныктайт. Өзү райкомдун катардагы инструктору болсо да, Биринчи катчынын бетине айтып, мойнуна койгон экен.

1952-жылы Кызылкоргон айылдык кеңешине караштуу Калинин колхозунун партиялык уюмунун катчысы болуп иштеген учурунда колхоздун төрагасы жана эсепчиси тарабынан берилген справкалар, колхоздун жалпы чогулушунун токтому менен убактылуу саап ичкен уйдун сүтү үчүн төлөгөн акчасы, экинчиси үйүнө кокусунан келип калган бир кап буудайды кайра кампага төктүрүп, кампачыдан алган тилкаты жана карызга алып сойгон улак үчүн үч үндүк бергени жөнүндө эсепчинин күбөлөндүргөн каттары … ж.б.ушул күнгө чейин үй-бүлөлүк архивибизде сакталып турат.

Өзү элдин менчигин жебей, башка чоңдорду да жедирбеген ак жүрөк коммунист көбүнө жаккан эмес. Колхоздун жетекчилери баягы бир кап буудайды жана колхозго жогортон келген меймандарды биздин үйдө меймандаганда, өздөрү алып келип союшкан улакты «жеп алды» деген жалаа менен райкомго «тоголок кат» жазышкан экен.

Партиянын бюросуна жөнөөрдө эч нерседен кабары жок атамды «эл душманы» катары бюродон ары камакка кетет деп ишенишкен «тоголок катчылар» артынан жылуу кийим-кечегин ала барышыптыр. Абийири таза атам бюродо ачык далилдер менен өзүн актап чыгат. Чогулуш бүтүп, колхоздун өзүнө карасанатайлык кылган жетекчилери менен бир машинеде айылга кайтышат.

Арам ойлору орундалбай калгандыктан үзөңгүлөш жолдоштору бетин тике карай албай келатышканда, машинени дарыянын жээгинде токтотуп, үйгө базарлык деп алган дарбызын союп, баарын сыйлап туруп: «Үкөлөрүм, ак ийилет, бирок сынбайт. Баарыбыз эл кызматындабыз. Болгон ишти унутуп, эл үчүн таза иштейли!» — деп кең пейилдүүлүгүн көрсөткөн дешет.

Биз эс тартканда да атамдын чындык үчүн эч нерседен кайра тартпаган көк жал мүнөзүн көрүп-билип калдык. Колхоздун, же мектептин партиялык чогулуштары кеч түнгө барып бүтөт эле. Иним Тотубек экөөбүз таш фонарды күйгүзүп тосуп барып, чогулуш жүрүп жаткан бөлмөнүн кире беришинде көпкө күтүп олтурчубуз. Ошондо көпчүлүк учурда бир гана атам сүйлөп, кайсыл бир кемчиликтерди ташка тамга баскандай таасын айтып, же маселе көтөргөн бийик, кайраттуу үнү дайыма угулуп турар эле.

Жамандыкка да, жакшылыктарга да кайдыгер мамиле кыла албаган чынчыл, калыс жана эр көкүрөк кулк-мүнөзү менен бюрократ жана жеп-ичкич жетекчилерге жакпаса да карапайым адамдарга өтө жакын болуп, сый-урматына арзыган. Райондо иштеп жүргөндө айыл-кыштакка иш сапары менен чыкканда «чоңдордун» берген чайын ичпей, ошол айылдагы эң карыя аксакалдын үйүн сураштырып барып түнөөчү экен.

Кийин биз балалык чагыбызда үйүбүз санжыралуу карылардын ордосу сыяктуу дайыма киши үзүлбөй, өткөн-кеткен тарыхтын, уламалардын учугун чубашып, не бир кызык аңгеме-дүкөн куруп олтурушар эле. Сөзмөр, санжыралуу, нарктуу бул аксакалдардын жаштарга кадыр-баркы, таасири, тарбиясы өтө терең болгон.

***

Чыныгы бедел

 

60-жылдары билимдүү кадрлар көбөйө баштаганда, атам ордун бошотуп берип, Мурдаш сегиз жылдык мектебинде башталгыч класстарды окутуп жүрдү. Мен да 1-4-класстарда атамдын колунда окудум. Билим деңгээли канчалык болгонуна, албетте, баа бере албайм. Бирок аталык мээримин аянбай, бардык балдарга тегиз камкор мамиле кылганына көп жолу күбө болгом. Ал талапты биринчи мага коюп, «калгандары агайдын кызына карап тарбияланат» деп көп айтчу. Ошондуктан атамдан башка өмүрүмдө эң талапкөй жана катаал мугалимим болбосо керек.

Ал мага мектепте гана түгүл үйдө деле үнүн көтөрүп сүйлөбөсө да, элге бийик беделин түшүрүп албаш үчүн эң тартиптүү, мыкты окуучу болууга аябай араккеттенчүмүн. Бир эле мага эмес, баардык окуучулары үчүн да анын кадыр-баркы тоодой бийик эле.

Өзү мектепке ишке жөнөөрдө папкасына нан салып алчу. 60-жылдары деле элдин турмушу оор болуп, нанга жетинбеген үй-бүлөлөр көп окшойт. Сабак учурунда «Эшикке чыгып мына бул нанды жеп, суу ичип кел» деп кээ бир окуучуларды сыртка жөнөтүп турат. Окуткан балдар-кыздардын дилин, тилин таап, ал-абалын илгиртпей байкап, аталык мээрим менен көңүлүн көтөрүүгө уста эле. Окууга жакшы катышпай, же жетише албаган окуучулардын үйүнө барып, себебин билмейинче көңүлү тынчу эмес.

Мен 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, атам иштеген мектепте алгачкы эмгек жолумду баштаарда аябай толкундандым. Өзүмдү дагы эле агайдын кызы, атамдын окуучусу катары сезип, аны сөзгө калтырбас бекем деп жүрөксүдүм. «Атанын кызы» деген баага татыктуу болуу бир чети мени шердентип, күчүмө-күч кошсо, экинчиден өтө чоң жоопкерчилик эле.

Мугалимдик кесиптин ары татаал, ары ыйык жүгүн көтөрүүдө эң биринчи жылуу сөзү, арыбас кеп-кеңештери менен бир мезгилдеги атамдын окуучулары болушкан тажрыйбалуу мугалимдер ак дилден жардам беришти. Меңиш Айдаров, Сартпай Абдыкайыров, Токур Ыдырысов жана башка агай-эжейлердин айткан сөздөрү жүрөгүмдө жатталып калды: «Агай окуучуларга гана эмес жаш мугалимдерге да атадай камкор эле. Биз жаңыдан иштей баштаганыбызда иш пландарды кандай түзүүдөн тартып, сабакты өтүү, балдар менен кандай мамиледе болуу жөнүндө акыл-кеңешин жан дили менен берип, ишибизге көз салып турчу. Агайдай адамгерчилиги, адалдыгы башкаларга тарбия болуп, оозунан, санжыралуу сөздөрү төгүлүп, нарктуу алып жүргөн карыяларды азыр табуу кыйын. Биз алардын көрүп өсүп, сөзүн угуп калганыбызга сыймыктанабыз.»

40 жылдан ашуун өмүрүн жаш муунду тарбиялоого арнаган атам 61 жашында, 1974-жылы мектеби, окуучулары менен коштошуп, пенсияга чыккандан эки ай өтпөй инфаркт дартынан көз жумду.

***

 

Мөмөлүү дарак ийилет

 

«Балалыкта алган илимиң ташка чеккен сүрөттөй» деп улуу Саади айткандай, баары унутулса да, балалыкта алган таалимиң менен таасириң эч качан унутулбайт. Атам менен апам биргелешип курушкан үй-бүлөлүк куттуу турмушу бизге бактылуу балалыкты берди.

Алар тагдырдын көп соккуларын алышса да, жүрөктөрүндө балкыган мээримин, айкөлдүктөрүн, жайдары жана адамгерчиликтүү мүнөздөрүн бөксөртпөй сактап калышканына таң калам. Мага чейин балдары токтобой, бир-эки жашка чыгып-чыга электе эле 5 баласы чарчап калат. «Сени бүт айылдын эли тилеген. Элдин батасы менен чоңойгонсуң» деп көп айтышар эле.

Менден кийин бир кыз, үч уул бала көрүшүп, сиңдим эки жашка чыгып калганда дагы ажал алып кетти. Перзентинен ажыраган ата-эненин күйүтүн эч кимдин башына салбасын, ылайым. Чыгармаларымдын көпчүлүк каармандары баланын күйүтүн тарткан эне болгону да ушундан го деп ойлойм. Атам менен апамдын жүрөгүн жаралаган ошол кайгыларын интуициям менен туйсам керек.

Өлүмдөн коркуп калышканбы, биздин көзүбүздү карап өтө бөпөлөп багышты. Айрыкча мени «ак жолтоюм» дешип алаканга салышат эле. «Кыз бала мейман болот» дешип ар дайым атамын жанына төргө олтургузушуп, жиликтин сыйлуусу да менин колумда. Инилерим Тотубек, Мамрасул, Рысбекке менин айтканым айткан, дегеним деген, баш көтөрүшүп каяша кылмай жок. Бирок ата-энебиздин тарбиясынанбы, өтө ынтымак болуп, өмүр бою «сен-мен» дешпей жашап келатабыз.

Атабыздын дагы бир улуу таалими – жупунулук да сөөгүбүзгө сиңген мүнөз болду. «Мөмөлүү дарак жерге ийилет» деп кулагыбызга куюп айта берер эле. «Жашоодо жөнөкөй, кичипейил, сыпайы болгула» деген насаатына өзүнүн жеке жүрүм-туруму шайкеш болуп турчу. Балага өтө зарыгып, бизди Кудайдан тилеп алса да, элден башкача кылып кийиндирип же чалчаңдатып ашыкча эркелеткен жок.

Апам Амира 4-класстык эле билими болсо да, жанда жок мээримдүүлү, сыйкор жана тууган-урукка карамдуу жан эле. Атамдан өтө жаш калганыбыз менен, апам белин бекем бууп, баарыбызды туурубузга кондурду. Үй-жайыбызды, балдарыбызды көрүп, чайыбызды ичип, анан көңүлү тынып көз жумду. Өлөөр-өлгөнчө атамды оозунан түшүрбөй, жакшы адамды көрсө «атаңа окшош киши экен» деп калчу. Турмуштун ысык-суугун бирге көтөрүшүп, өмүр бою сыйлашып өтүшкөн жубайына жүрөк жылуулугун өчүрбөй тунук сактады.

Айылдык мугалимдин бир уй, бир-эки кой-эчкиден башка байлыгы жок жупуну үй-бүлөсүндө балалыгыбыз өтсө да, көңүл ток, телегейи тегиз, мээримге бөлөнүп чоңойдук. Мен төрөлгөн жылы атам айылда биринчи болуп пайдубал коюлган, шиферленген, полу бар үй салыптыр. Ошол үй азырга чейин турат, кечээги эле курулган стандарттуу ак тамдардан кем калышпайт. Анда кичүү иним Рысбек түтүн булатып, ата журтту ээледи.

Жылда отпуска мезгилинде ошол үйгө бала-чакаларыбыз менен барып, туулган жерге, үйгө, ата-энеге болгон кусабызды жазабыз.

 

Туурга таазим

МЕНИН БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ АТАМ БОЛГОН

Мурдаш — эң бийик тоолордун, көк кашка булак сууларынын мекени. «Алайдын Швейцариясы» деген атка конгон. Зооканы жарып атырылып чыгып, 10-15 метр бийиктиктен сапырылып агып түшкөн шаркыратманын күүсү биздин үйгө беймарал жетип турат. Ошол шаркыратманын суусун үчүнчү үй болуп биз иччүбүз. Эшик алдынан бир арык булак суусу шылдырап агып өтөт. Алыстан ак карлуу залкар тоолор көк тирейт. Тоонун таза жана салкын абасынын жагымы да бир сонун. Арык жээгиндеги жапжашыл тулаңга оонап, табигаттын жапжашыл көркүнө көз тойбой, булак суусунун шылдырын тыңшап эс алуудан артык ырахат жок. Ошондуктан отпуске убагын бала-чакабыз менен Мурдашта өткөрүү биздин үй-бүлөгө адатка айланган.

Ал эми там-ташты курчаган дүпүйгөн бакты да атам өз колу менен өстүргөн. Дыйканчылыкка жок тоолуктардын мөмө-жемиш дарагы тургай үй алдына тал да экпеген адатын бузуп, айылда алгачкылардан болуп бак кылган. Ошол мезгилде Мурдаштыктарды суктандырган бул бейиш бакта не деген гана мөмө өспөйт эле. Алманын эрте бышуучу, жайкы, күзгү, кышкы – бардык сорттору, өрүктөрдүн түрлөрү, гилас, кайнолу, алмурут, шабдалы, алча, карагаттан бери. А түгүл коон, жүзүм өстүрөм деп канча аракет жасабады. Булардын бардыгын таштак жердин ташын корум-корум кылып терип жүрүп, өз колу менен эгип өстүргөн. Кыйыштырып, жаңы сортторду да жаратканга да уста эле. Атам көзү тирүүсүндө бул мөмөлөрдү эч качан саткан эмес. Айылдын бардыгына ооз тийгизип, таркатып жиберчү. Мурдашта ким сыркоолоп калса, мөмө-жемиш салынган баштыгын көтөрүп, абалын сураганы ашыгып жөнөйт.

Табигат менен жаны бирге, кооздукту туюп-сезе алган жан-дүйнөсү дайыма жаратмандыкка, чыгармачылыкка умтулуп турчу экен. 60-70-жылдары үйүбүздүн эшик алдына атайын клумба жасап, айылда жок гүлдөрдү өстүргөн. Алардын уруктарын кайда барбасын, кимдин үйүнөн кооз гүл көрбөсүн сурап ала келип жүрүп эккен.

Үйдүн айлана-тегерегинде гана эмес тоолордун кокту-колотторунда ийип турган булак көздөрүнө, суу жээктерине бак-дарак олтургузуп, аны мал жебесин деп, тикенектер менен курчап убараланганына ошол мезгилде айылдаштары түшүнгөн эмес. Кудайдын курук жерин да ээлеп алды деп жаман көрүшкөн. Бош жаткан жерди көрктөндүрүп, жаратылышка да, адамга да кам көргөн аракети эми гана бааланып жатат. Атам өстүрүп койгон тал-теректердин бутактары отунга жарап калгандыктан, эл кышкыга арча-карагай жана башка жапайы дарактарды кыйбады. «Атаң көзү өткөндөн кийин да бизди багып жатат» деп апам өмүр бою ыраазы болуу менен айтып жүрдү.

Мен мектепти бүтүрөр жылы атам экөөбүз үйдүн жанындагы Караташ деген дөңсөөгө чыгып барып, алаканга салгандай болуп көрүнгөн айылдын бак-шакка чөмүлгөн үйлөрү, картошка эгилген талаалар, ак көбүк болуп ийрелеңдеп аккан дарыя, алп тоолор көзүбүзгө чөгүп, суктана карап олтурганыбызда айткан сөзү жүрөгүмө орноп калыптыр: «Кызым көңүлүң чөккөндө тоого чык. Тоонун касиети укмуш. Жүрөктү тазалап, духуңду көтөрөт». Анан дөңсөөнүн алдындагы курук сайды көрсөтүп: «Сен институтту бүтүрүп келгенче ушул сайды бакка айландырып, дипломуңду ошол бактын ичинде жууп берем», — деп кыялданган. Бирок бул күнгө жетпей  калды. Мен 2-курста окуп жатканда бизди кайгыга салып армандуу кете берди.

Өз ата-энеси менен сыймыктануу адам үчүн чоң бакыт экен. Ошон үчүн кыргызда «жети атаңды бил» деген накыл сөз бекеринен чыкпаганына улам жаш өрлөгөн сайын ынанасың.

Ылайым, өз атасы үчүн сыймыктануу ар бир адамга буюрсун!

Биздин балдарыбыз да биз үчүн сыймыктана алсын!

Бөлүшүү

Комментарийлер