«МЕН ТИЛЕГЕН КЕСИП» СЫНАГЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ТУРУ ӨТҮҮДӨ
- 04.10.2023
- 0
2023-жылдын 3-4-октябрында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими”, — “Мен тилеген кесип” республикалык кесиптик чеберчилик сынагын өткөрүүдө.
Конкурс райондук, облустук жана республикалык үч баскычта өткөрүлгөн.
Сынактын финалы “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда өттү.
Финалисттер 3 турда таймашты:
I тур — студия, ийрим, секция жөнүндө видео презентация
II тур – балдар тобу менен ачык сабак,
III тур — “Педагогикалык көп кырдуу таймаш” – бул педагогикалык кырдаалды чечүү, педагогикалык риторика, топтук конкурстук сынак, тестирлөө сыяктуу тапшырмаларды камтыган жеке сынак таймашы.
Эскертсек, «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими» наамына облустук турда төмөндөгүлөр жеңүүчү болгон:
Баткен облусу — Ишанкулов Баходир Маматкулович, «Баластан» билим берүү жана чыгармачылык балдар борбору, Лейлек району,
Жалал-Абад облусу — Орункулова Мээрим Доолбековна, Ч.Айтматов атындагы шаардык балдар чыгармачылык борбору, Кара-Көл,
Нарын облусу — Сагынбаева Жылдыз Жолдошбековна, К.Кожоев атындагы балдар билим берүү борбору, Ат-Башы району,
Ош облусу — Мадазимова Тургунай Ашимжановна, балдардын чыгармачылык борбору, Өзгөн району,
Ош ш. — Сыдыков Муратбек Назирович, «Келечек» балдар чыгармачылык борбору,
Талас облусу — Бакытова Айгерим Бакытовна, балдарга билим берүү борбору, Айтматов району,
Чүй облусу — Якушева Юлия Сергеевна, балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору, Токмок ш.
Ысык-Көл облусу — Акматалиева Нургүл Токоновна, балдар чыгармачылык үйү, Ысык-Көл району.
Комментарийлер