МЕЛИСБЕК МУЗУЛМАНОВ МИНИСТРЛИКТИН МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
- 18.02.2026
- 0
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин Мектептеги билим берүү башкармалыгынын жаңы башчысы Мелисбек Музулмановду эмгек жамаатка тааныштырды.

Мелисбек Музулманов Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы №11-4\25 буйругуна ылайык бул кызматка дайындалды.
Буга чейин ал Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп иштеген.
Өмүр баяны
Илимий даражасы: Педагогика илимдеринин кандидаты
Туулган күнү: 1988-жыл, 30-август
Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы
Билими: Жогорку билимдүү. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Адистиги: Кыргыз тили жана адабияты мугалими.
Эмгек жолу
2008-2009-жж. – “Призма” билим берүү борборунун Кеңеш филиалында кыргыз тили боюнча ЖРТга даярдоо курсунун окутуучусу;
2009–2011-жж. – Навои атындагы №18 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими;
2011–2013-жж. – Навои атындагы №18 мектеп-гимназиясында тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
2013–2015-жж. – Ош мамлекеттик университетинин «Ыйман» лицейинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
2015–2020-жж. – №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин директору;
2020–2023-жж. – Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика кафедрасынын окутуучусу;
2021–2023-жж. – «Ноокат билимканасы» лицей-интернатынын директору;
2023–2026-жж. – Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.
Сыйлыктары:
2010-ж. – Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы;
2013-ж. – Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы;
2013-ж. – «Кыргыз тили» коомунун Түштүк аймактык бөлүмүнүн Ардак грамотасы;
2014-ж. – «Жылдын мыкты мугалими – 2014» республикалык сынагынын жеңүүчүсү;
2016-ж. – «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси;
2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы;
2018-ж. – Ооган согушунун ардагерлеринин Россиялык союзунун «Жаштарды патриоттук тарбиялоодогу эмгеги үчүн» төш белгиси.
2018-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгиси.
2019-ж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы.
Илимий изилдөө багыты: Педагогика илимдеринин кандидаты, адистиги – 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (кыргыз адабияты).
Илимий эмгектери жана макалалары:
Монография
Музулманов М.У. Мектепте класстан тышкаркы окууну уюштуруунун методикасы: монография. – Бишкек, 2021. – 192 б.
Окуу куралдары
Музулманов М.У. Кыргыз адабияты 5–9: класстан тышкаркы окулуучу чыгармалардын хрестоматиясы / К.Акматов, М.Музулманов. – Бишкек, 2017. – 258 б.
Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштурууга усулдук сунуштар: мугалимдер үчүн илимий-усулдук колдонмо. – Ош, 2021. – 92 б.
Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштуруу: окурмандын күндөлүгү: мугалимдер үчүн илимий-усулдук колдонмо. – Ош, 2021. – 116 б.
Илимий макалалары
Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштуруунун педагогикалык шарттары // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2017. – №1 – 83-87- бб.
Музулманов М.У. Мектептерде класстан тышкаркы окууну уюштурунун жана өткөрүүнү методологиялык негиздери // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2017. – № 1. – 80-83- бб.
Музулманов М.У. 8-9-класстарда класстан тышкаркы окууну өткөрүүнүн методикалык өзгөчөлүктөрү // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2018. – № 2. – 73-77-бб.
Музулманов М.У. Кыргыз адабияты сабагында класстан тышкаркы окууну уюштуруунун айрым маселелери // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2017. – № 1. – 233-237- бб.
Музулманов М.У. Effective Methods and Techniques of Study of Autobiographical Fiction in Senior Forms of a Secondary School / К.Акматов, М.Музулманов, А.Муратов // Journal of History Culture and Art Research – Vol. 8, No. 2. – 2019. – Р. 102-113.
Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштуруунун изилдениш тарыхы // ОшМУ жарчысы. – 2019. – № 3. – 221-227- бб.
Музулманов М.У. Aitmatov’s Characters Infusing the Heart of a Child with the Good and Their Study at School / А.Маматова, Б.Зулуев,
М.Музулманов // Lecture Notes in Networks and Systems. -2020. -Т. 129. – Р. 982-990.
Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн максаты, милдеттери // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2020. – Атайын чыгарылыш. – 64-68-бб.
Музулманов М.У. Класстан тышкаркы окуу – кыргыз адабияты сабагында жетишкен билимдерди реализациялоннун тажрыйба аянтчасы // И.Арабаев атындагы КМУ жарчысы. – 2020. – Атайын чыгарылыш. – 68-72-бб.
Музулманов М.У. Внеклассное изучение образа учителя в романе Жуная Мавлянова «Ясное небо» /
Музулманов М., Маматова А., Раимбердиева З. // Бюллетень науки и практики – 2020. – №2. – С. 302-309.
Музулманов М.У. Objectives and tasks of organizing and conducting extraordinary learning // ALATOO ACADEMIC STUDIES – 2021. – №2.
Комментарийлер