«МЕКТЕПТИН СТРАТЕГИЯСЫ: ТАЖРЫЙБА, КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ЧЕЧИМДЕР”

  • 02.02.2026
  • 0

2026-жылдын 29-январында Талас районуна караштуу Ш.Шеркулов атындагы орто мектебинде «Мектептин стратегиясы: тажрыйба, көйгөйлөр жана инновациялык чечимдер» аттуу мектеп директорлорунун облустук семинары жогорку уюштуруучулук жана мазмундук деңгээлде өткөрүлдү.

 «МЕКТЕПТИН СТРАТЕГИЯСЫ: ТАЖРЫЙБА, КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ЧЕЧИМДЕР”

Семинардын негизги максаты — мектепти стратегиялык башкаруунун натыйжалуу моделдерин талдоо, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана жетекчилердин башкаруучулук компетенцияларын өркүндөтүү болду.

 «МЕКТЕПТИН СТРАТЕГИЯСЫ: ТАЖРЫЙБА, КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ЧЕЧИМДЕР”

Иш-чаранын жүрүшүндө практикалык тажрыйбага бай, баяндамалар жана мастер-класстар сунушталып, алар катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты. Атап айтканда, Ш.Шеркулов атындагы орто мектебинин директору Нурзаада Сариева мектептин өнүгүү стратегиясы, жетишкен ийгиликтери жана келечектеги максаттары тууралуу кеңири презентация жасап, башкаруунун заманбап ыкмалары менен бөлүштү.

 «МЕКТЕПТИН СТРАТЕГИЯСЫ: ТАЖРЫЙБА, КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ЧЕЧИМДЕР”

Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун директору Бийик Рыскулов «Сингапур методикасы» темасында мастер-класс өткөрүп, окутуунун интерактивдүү жана натыйжалуу формаларын практикалык мисалдар, чарба иштерин, көмөкчү чарбаларды уюштуруу боюнча маалымат берди.

Жалпы билим берүүчү Асылбек Бөрүбаев атындагы орто мектебинин директору Эржан Асыранов «Мектеп жетекчисинин иш багыттары» аттуу мастер-классында билим берүү уюмун башкаруунун стратегиялык, уюштуруучулук жана лидерлик аспектилерине токтолду. Ошондой эле Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Анаркул Көчөрбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  «Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтому боюнча мазмундуу презентация жасап, иш кагаздарын туура жана натыйжалуу жүргүзүүнүн талаптарын түшүндүрдү.

 «МЕКТЕПТИН СТРАТЕГИЯСЫ: ТАЖРЫЙБА, КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ЧЕЧИМДЕР”

Семинардын маданий бөлүгүндө мектептин уюштуруучусу Дарина Жаксыбекова тарабынан даярдалган «Мамлекеттик тил – улуттук дем жана дүйнөлүк бийиктик» аттуу сахналаштырылган иш-чара болду.

Облус аймагынан келген мектеп директорлору бул семинар өздөрү үчүн өтө пайдалуу, мазмундуу жана тажрыйба алмашууга бай болгонун, алган маалыматтар иш практикасында кеңири колдонууга ылайыктуу экенин белгилешти.

Семинардын жыйынтыгында Талас облустук билим берүү усулдук борборунун атынан Ш. Шеркулов атындагы орто мектептин жамаатына Талас билим берүү усулдук борборунун ыраазычылык катын тапшырып, жогорку деңгээлде уюштурулган иш-чара үчүн терең ыраазычылык билдирилди.

Бул сыяктуу облустук усулдук семинарлар педагогдордун жана билим берүү жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин арттырууда, башкаруучулук маданиятын өнүктүрүүдө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.

Салтанат БЕЙШЕНОВА, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер