МЕКТЕПТЕРДЕГИ ЗОМБУЛУКТУН ТАМЫРЫН ИЗИЛДӨӨ

  • 20.11.2025
  • 0
Бишкек шаарында Агартуу министрлиги “Жарандык катышуу” коомдук фонду менен биргеликте жана “Гуд Нейборс Интернешнл” филиалынын колдоосу менен мектептердеги зомбулук жана балдарды коргоо маселесине арналган ири изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулашты.
МЕКТЕПТЕРДЕГИ ЗОМБУЛУКТУН ТАМЫРЫН ИЗИЛДӨӨ
Жолугушууга мамлекеттик органдардын, жарандык коом уюмдарынын жана эксперттердин өкүлдөрү катышты.
Негизги максат — билим берүү уюмдарындагы зомбулуктун себептерин аныктоо жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу.
Кыргыз Республикасынын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева коомдун өзгөрүүсү менен бирге балдардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна түздөн-түз таасир этүүчү тобокелдиктер өзгөрүп жатканын белгиледи. Бул өзгөрүүлөр мамлекеттик органдардан, атайын кызматтардан, сот адилеттиги институттарынан жана жарандык коомдон жоопкерчиликтүү мамиле жасоо үчүн тыгыз координацияны талап кылат.
“Бүгүн биз балдардын укуктарын коргоо системасы өз убагында жооп кайтарууну жана макулдашылган аракеттерди талап кылган жаңы чакырыктарга туш болуп жаткан шартта чогулдук”, — деди Асел Чынбаева.
Бул изилдөөнүн жыйынтыгы өлкөнүн мамлекеттик мектептериндеги түзүлгөн кырдаал жөнүндө толук түшүнүк алууга мүмкүндүк берип, компетенттүү органдар жана уюмдар тарабынан натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга негиз болот.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрлик балдардын социалдык биримдигин чыңдоо, сапаттуу билим берүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп, сунуштарды кабыл алууга ачык дайыма экендигин билдирди.
“Бүгүн биз тармактык кызматташтык аркылуу иш алып барууга аракет кылып жатабыз. Ички иштер министрлиги менен биргеликте ири мектептерде жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор иштеген бирден кабинет ачып жатабыз. Ар бир баланын электрондук күндөлүгүндө “Коркпо, билдир!” деген анонимдүү функция бар”, — деди министр.
Маалымат үчүн: Изилдөө 1045 катышуучудан чогулган маалыматтарга негизделген, алардын арасында 10 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары, алардын ата-энелери, педагогдор, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле балдарды коргоо тармагындагы адистер болгон. Аларга МТСОМдун аймактык бөлүмдөрү, ОПСД, жергиликтүү администрациялардын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекция кирет.
Өлкө боюнча 50 мамлекеттик мектепте жүргүзүлгөн изилдөө мектептеги зомбулуктун актуалдуу жана кеңири жайылган көйгөй экенин тастыктайт.
Мектептеги зомбулук маселесин чечүү комплекстүү мамилени жана мамлекеттин, билим берүү системасынын жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылат. Изилдөөгө катышкан адистердин сунуштарында билим берүү уюмдарында кызыкдар тараптарды тартуу менен алдын алуу иштерин кеңейтүү жана үй-бүлө институтун бекемдөө зарылдыгы көп айтылган.
Ошондой эле ата-энелерди зомбулуксуз тарбиялоо ыкмаларына үйрөтүүнүн маанилүүлүгү, мектептик психологиялык кызматты кеңейтүү жана мугалимдердин коопсуздук маселелери боюнча үзгүлтүксүз билим алуусу, билим берүү уюмдарындагы зомбулуктун бардык учурларын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана эсепке алуу зарылдыгы (алдын ала эскертүү, бирдиктүү статистика) да белгиленет.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Агартуу министрлиги тарбиялоо ишин жөнгө салуу максатында “2026–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында тарбияны өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия” долбоорун иштеп чыгууну пландаштырууда.
Бул изилдөө Кыргыз Республикасынын бардык мектептери үчүн көрсөткүч болуп эсептелбейт. Анткени ал өлкөнүн 7 облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы 50 гана мамлекеттик мектептерди камтыган. Ошого карабастан, алынган маалыматтар Кыргызстандагы билим берүү уюмдарындагы зомбулук боюнча чектелген маалыматтагы боштукту толтура алат.
(БК)
Бөлүшүү

Комментарийлер