МЕКТЕПТЕРДЕ ЫСЫК ТАМАК БЕРҮҮНҮН ТУРУКТУУЛУГУН КАМСЫЗДОО
- 14.10.2024
- 0
11-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинде “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу MGD21 программасын ишке ашырууда мектептин тамактануусун жана 2024-2025-жылдарга стратегиялык пландаштырууну илгерилетүү үчүн өнөктөштүктү бекемдөө” темасында тегерек стол өттү.
Мектептеги тамак-аш балдардын тамактануусунун сапатын жакшыртууга жана мектептерде билим алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Тегерек стол мектеп тамак-аш программаларын эффективдүү илгерилетүү үчүн кызматташтыкты жана өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө максатында өткөрүлдү.
Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп ашпозчулары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ошондой эле Техас университетинин (АКШ) делегациясы катышышты.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга карата мектептерде ысык тамак уюштуруунун жаңы жобосу менен тааныштырышты.
Тегерек столдун катышуучулары чакан топторго бөлүнүп, мектептик тамактануунун туруктуулугу программасын толуктап иштеп чыгуу боюнча сунуштарын беришти, мектеп тамак-ашына катышуу үчүн жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү тартуу, программанын алкагында берилген мектеп тамак-аш блокторунун инфраструктурасын жана жабдууларды жакшыртуу жана колдоо, ошондой эле мектеп ашпозчуларынын потенциалын, иш жүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Жогоруда айтылгандардан тышкары мектептеги тамактануунун туруктуулугу программасынын көрсөткүчтөрү жана иш-чаралар планы боюнча сунуштар алынды.
Комментарийлер