МЕКТЕПТЕРДЕ КИБЕРГИГИЕНА САБАГЫ КИРГИЗИЛИШИ МҮМКҮН

  • 18.03.2026
  • 0

МЕКТЕПТЕРДЕ КИБЕРГИГИЕНА САБАГЫ КИРГИЗИЛИШИ МҮМКҮН

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын мектеп программасына санариптик коопсуздук боюнча атайын курс киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурсултан Кубанов Жогорку Кеңеште билдирди.

Аталган министрликтин өкүлүнүн айтымында  Агартуу министрлигине 7-класстан баштап кибергигиена сабагын киргизүү сунушун берген. Адистердин пикиринде, балдар өздөрү үйрөнүп эле калбастан, мындай шартта ата-энелерине жана чоң ата, чоң энелерине да санариптик коопсуздукту үйрөтө алышат. Статистика боюнча, көбүнчө улгайган адамдар жана санариптик сабаттуулугу төмөн жарандар алдамчылардын курмандыгы болушат. Жаңы курс мындай учурларды азайтууга багытталган. Учурда санариптик коопсуздуктун алкагында «Түндүк» тиркемесине насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу функциясы кошулуп, аны 200 миңге жакын жаран колдоно баштады. Бул демилге өлкөдөгү жарандардын санариптик коопсуздугун чыңдоо жана интернеттеги алдамчылыкка каршы туруу максатында ишке ашырылууда.

(М.К.)

Бөлүшүү

Комментарийлер