Догдургүл Кендирбаева: «Ар бир бала сапаттуу билим алышы керек»
- 14.10.2024
- 0
Жогорку Кеңеште айрым депутаттар мектептердин, окуу китептердин тартыштыгы жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн даярдыктары жөнүндө маселе көтөрүштү.
«12 жылдык мектепке өтүүгө даярдык көрүүгө үч жылдык мөөнөт берилген. Кошумча имарат 12 жылдыкка өтсөк да, өтпөсөк да, дефицит экенин билебиз. Нөлүнчү класс биринчи деп аталып, 12-класска чейин окушат. Буга бюджет толугу менен каралып, пландардын баары бекитилди… Биз айрым балдар үчүн гана эмес, ар бир бала үчүн шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Билим берүү сапатын жакшыртууга багытталган чаралардын баары үч жылдын ичинде толугу менен ишке ашат»,-деди Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева.
Ал эми окуу китептерине келсек, Кыргызстандын мектептеринде окуу китеп тартыштыгын үч жылда толук чечүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Президент Садыр Жапаров окуу китеп тартышыгын толук чечүү жөнүндө тапшырманы Министрлер Кабинетине бергенин мурда кабарлаганбыз. Мектеп окуучуларын баарын окуу китеп менен жүз пайыз камсыз кылуу үчүн алты миллиард сомдон кем болбой турганын Билим берүү жана илим министрлиги эсептеп чыккан болчу.
Акыркы эки жылда жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен каралган 304 миллион сом толук өздөштүрүлдү.
Бул каражатка жалпысынан 1 167 935 нускада окуу-методикалык комплекстер, 2 238 000 сомго көзү азиз балдар үчүн 270 комплект окуу китеби Брайл ариби менен даярдалып, басылып чыккан. Мындан сырткары, “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында 2023-жылы 1 790 030 нускада ар түрдүү жанрдагы дидактикалык китептер кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде даярдалып, 1 681 мектепке бөлүштүрүлүп берилген.
Ошентип, “Окуу китеби” автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилген маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 816 255 окуу китеби бар. Бул жалпы керектөөнүн 68,5 % түзөт.
Учурдагы кырдаал
Жалпы билим берүү уюмдарында айрыкча жаңы окуу китептери жетишсиз. Мында жараксыз абалга келген окуу китептеринин колдонуудан алынышы, көпчүлүк окуу китептеринин мазмунунун эскириши, окуучулардын санынын жылдан-жылга өсүп жатышы чоң роль ойноодо.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 миллион 236 миң 466 нускада окуу китеби керектигин белгиледи.
“Кыргыз класстар үчүн – 9 миллион 625 миң 380 нуска, орус класстар үчүн – 6 миллион 716 миң 400, өзбек класстар үчүн – 852 миң 748, тажик класстар үчүн – 41 миң 938 окуу китептери зарыл. Бул окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде 147 аталыштагы окуу китеби», — деди министрдин орун басары.
4,5 миллиард сом, үч жыл керек
Мектептердеги китептердин баарын жаңылоого 4,5 миллиард сом керектелерин Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди.
Анын айтымында, бул сумманын ичине республикалык бюджеттин, ата-энелердин жана донорлордун каражаттары киргизилген.
“Республикалык бюджеттен буга чейин жыл сайын 152 миллион сомдон бөлүнүп келген. 2025-жылдын бюджетинин долбоорунда китеп басып чыгарууга 460 миллион сом каралган. Бул каражат мурдагыга салыштырмалуу 300 миллион сомго көп. Мындан сырткары, Финансы министрлиги тарабынан дагы каржы булактары каралууда. Ошондой эле биз Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана башка донордук уюмдардан китептерди басып чыгарууга акча сурап жатабыз. Эгер ал каражаттар бекитилип калса, келе жаткан үч жылдын ичинде китеп жетишсиздиги маселеси толук чечилет”, – деди ал.
Ижара акы
Быйылкы окуу жылында айрым окуу китептердин ижара акысы жогорулаарын «Окуу китеп» басма үйүнүн директору Ильяс Сарыбаев билдирди.
Директордун айтымында, орус тили жана «Алиппе» окуу китептеринин ижара баасы көтөрүлөт.
«2024-жылга чейин басылып чыккан окуу китептеринин ижара акысы 25 сом боюнча өзгөрүүсүз калат. Ал эми кийинки жаңы басылып чыккан китептердин ижарасы өзгөрөт, так баасын жакынкы арада маалымдайбыз”, – деди Сарыбаев.
Ал ошондой эле Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынып, учурда бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулуп жатканын кошумчалады.
Бул китептер эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылат. Ошону менен катар алардын электрондук версиялары да даярдалат.
Ал эми жалпы билим берүү уюмдарында окутулган филология, социалдык жана искусство, технология багыттарындагы окуу предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер жергиликтүү авторлор тарабынан иштелип жатат.
Электрондук китеп
Муратбек Касымалиев сентябрь айында мугалимдерге 24 миң ноутбук берүү менен дагы китептердин жетишсиздигин чечебиз деди. Анын айтымында, бериле турчу ноутбукка электрондук китептер киргизилген. Ноутбук математика, физика, химия, биология, информатика, башкача айтканда, табигый илимдер боюнча сабак берген мугалимдерге берилет.
“Жалпы республика боюнча 90 миңге жакын мугалимди алдыдагы жылдары ноутбук менен камсыздоо планыбыз бар. Мындан сырткары, окуучуларды дагы электрондук китептер менен жабдуу үчүн ноутбук берүү маселеси каралып жатат”, – деди министрдин орун басары.
Муратбек Касымалиев ошондой эле “Электрондук мектеп” платформасы түзүлүп, улуттук контентке ылайыкталган китептер жүктөлүп, толук кандуу колдонууга берилгенин билдирди.
«Ата-энелер китептердин электрондук вариантын ушул платформадан тапса болот. Аны окуучулар дагы, мугалимдер дагы колдоно алат. Электрондук китептер жөн эле PDF-форматында эмес, ал мультимедиалык материалдарды камтыйт. Башкача айтканда, презентациялар аудио, видеосу менен сунушталат», – деди ал.
Аларды «Электрондук китепкана», «Билим булагы» жана «Айбилим» порталдарынан тапса болот.
Мындан сырткары, китеп жетишсиздигин жоюу үчүн жер-жерлерде китеп жарманкеси өтүп жатат. Анда ата-эне мурунку жылы сатып алган китептерин алып келип башкага алмаштырып алса болорун, жарманкеде быйыл колдоно турган гана авторлордун китептери коюларын эске салды.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Комментарийлер