«Мектеп саясатына интеграция». Кошумча билим берүүнүн заманбап милдеттери

  • 19.08.2025
  • 0

Ош шаарында өтүп жаткан август кеңешмесинин  алкагында Кыргызстандын 12 жылдык билим берүү моделине өтүү шартында балдардын кошумча билим берүү уюмдарынын ролуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө арналган секция иш алып барды. Жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан кошумча билим берүү уюмдарынын директорлору жана педагогдору,   ошондой эле эстетикалык жана кошумча билим берүү тармагындагы алдыңкы адистер катышты.

"Мектеп саясатына интеграция". Кошумча билим берүүнүн заманбап милдеттери

Секцияны «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбиялоо окуу-усулдук борборунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты Д.С.Мусина ачып берди. Ал өзүнүн сөзүндө мектептер менен кошумча билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанисин белгиледи.

— Бүгүн кошумча билим берүү уюмдары мектептин стратегиялык өнөктөшүнө айланууда: алар балдарга чыгармачылыкка, социалдашууга жана кесиптик өз багытын табууга мүмкүнчүлүк түзөт -деди ал.

"Мектеп саясатына интеграция". Кошумча билим берүүнүн заманбап милдеттери

Анын «Балдардын кошумча билим берүү программаларын мектептин билим берүү саясатына интеграциялоо механизмдери: тажрыйба жана перспективалар» аттуу аналитикалык доклады талкуунун багытын аныктап, кызматташтыктын чакырыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Эркимбеков өз сөзүндө: “Мектеп билимдин мейкиндиги гана эмес, баалуулуктардын дагы мейкиндиги болушу зарыл. Коомдогу тез өзгөрүүлөрдүн, санариптик доордун чакырыктарынын шартында биздин милдет – мектеп окуучуларына туруктуу жарандык позицияны, жоопкерчиликтүү тандоо маданиятын, өз ара сый-урматты жана патриоттуулукту калыптандыруу болушу керек. Мектептен тышкаркы билим берүүнү колдоо ар бир баланын потенциалын ачуунун ачкычы болуп саналат. Бүгүнкү күндө чыгармачылыкты, илимий ой жүгүртүүнү, лидерлик сапаттарды жана социалдык катышууну өнүктүрүүчү сапаттуу программаларга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу өзгөчө маанилүү. Мектептен тышкаркы билим берүү, билим берүү чөйрөсүнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш” экендигин баса белгиледи.

Талкууну БӨУБ «Сейтек» борборунун директору Э.В.Латыпов улантып, кошумча билим берүү программаларынын мазмунун окуучулардын муктаждыктарына жараша жаңылоонун жолдорун сунуштады. Ал белгилегендей: «Кошумча билим берүү программаларын интеграциялоо — бул жогорку класстагы окуучулардын жеке кызыкчылыктарын эске алып, аларды профилдик окутууну аң-сезимдүү тандоого даярдоого мүмкүнчүлүк берет».

— Долбоордук жана ийримдик ишмердүүлүктүн профилдик окутууга даярдоодогу ролу тууралуу «Алтын түйүн» УБИТАсынын директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Н.Т. Жогаштиев айтып өтүп, долбоордук иштер аркылуу өз алдынча ой жүгүртүү, жоопкерчилик жана команда менен иштөө көндүмдөрү калыптанаарын белгиледи — дейт Д.Мусина.

"Мектеп саясатына интеграция". Кошумча билим берүүнүн заманбап милдеттери

Өзгөчө көңүл экологиялык тарбия маселесине бурулду. РДЮЦЭКТ директору У.Рыскулов бул багытта кошумча билим берүү чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн айтып: «Кошумча билим берүүнүн экологиялык багыты табиятка жана өлкөнүн келечегине жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырат» — деп белгиледи. Анын пикири мектептик билим берүү саясатына экологиялык компонентти киргизүү боюнча кеңири талкууга жол ачты.

"Мектеп саясатына интеграция". Кошумча билим берүүнүн заманбап милдеттери

Региондордон келген тажрыйбаларды Лейлек районунун «Баластан» ББЧБсынын директору Н.Түркбаева жана Токмок шаарынын Балдар чыгармачылык борборунун жетекчиси Т.Н.Полосина сунушташты. Алардын докладдары мектептер менен кошумча билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүүсү жана жеке билим берүү маршруттарын ишке ашыруунун келечектери жөнүндө болду.

Секциянын иши ар түрдүү форматта өттү: докладдар менен катар кейс-сессиялар, чакан топтордо интерактивдүү талкуулар жана кадрдык, программалык жана методикалык даярдык маселелерине арналган тегерек стол уюштурулду. Бул аналитикалык баалоолорду, практикалык мисалдарды жана эксперттик сунуштарды бирдиктүү талкуу аянтчасына айкалыштырды.

"Мектеп саясатына интеграция". Кошумча билим берүүнүн заманбап милдеттери

Жыйынтыгында секция катышуучулары август кеңешмесинин резолюциясына киргизиле турган бир катар сунуштарды иштеп чыгышты. Алардын арасында — кошумча билим берүү программаларын мектептик окутууга интеграциялоонун нормативдик механизмдерин бекемдөө, мугалимдерди системалуу методикалык колдоо, улук класстын окуучулары үчүн долбоордук жана изилдөө иштерин активдүү колдонуу, ошондой эле региондор аралык тажрыйба алмашууну уюштуруу кирет.

— Секция соңунда белгиленгендей, кошумча билим берүүнү мектеп саясатына интеграциялоо окуу процессинин сапатын жогорулатуунун гана ресурсу эмес, ошол эле учурда тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жашоого даяр, гармониялуу өнүккөн, социалдык жоопкерчиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды тарбиялоонун стратегиялык куралы болуп саналат, — деди Д.С.Мусина.

Гүлнара Алыбаева,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер