МЕКТЕПТЕГИ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ?

  • 27.02.2025
  • 0

Соңку учурда эле үч мектеп окуучусунун токмоктон каза болуп калышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып жатат. Ички иштер министрилигинин кызматкерлери кандай чараларды көрүүдө? Жашы жете электердин укук бузуулары, буллингдин формалары жана белгилери кандай болот? Өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу, көзөмөлдү күчөтүү жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоо үчүн эмне кылуу керек? Ата-энелердин жоопкерчилиги каралганбы? “Кут Билим” медиа борборунун мына ушундай суроолоруна Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин КККнын ЖЖИнин аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Толгонай Тилектеш кызы кенен жооп берди.

МЕКТЕПТЕГИ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ?-Толгонай айым мектептеги зордук-зомбулукчулук кайдан келип чыгат, түпкү тамыры эмнеде?

-Биринчиден, үй-бүлөлүк тарбия – көп учурда балдар зордук-зомбулукка үйдө күбө болушат же өздөрү жабыр тартышат. Үй-бүлөдө агрессия, зомбулук, көзөмөлдүн жетишсиздиги болгон учурда, бала мектепте ошол моделди кайталайт.

Экинчиден, социалдык чөйрө жана тарбиянын жетишсиздиги – балдар тартипсиз же криминалдык чөйрөдө чоңойсо, күч колдонуу алар үчүн көнүмүш көрүнүш болуп калат. Айрыкча ата-эненин көзөмөлү начар болгон учурда, бала көчө таасирине тез берилет.

Үчүнчүдөн, социалдык тармактар жана массалык маданият таасир берет. Интернетте зомбулук, агрессия, “күчтүү болуу” же “күчтүүлөр гана жеңет” деген идеялар жайылган. Бул балдардын психологиясына чоң таасир тийгизет.

Төртүнчүдөн, психологиялык факторлор – Кээ бир балдар өздөрүн башкара албайт, эмоцияларын башка бирөөдөн чыгарат. Анын үстүнө, эгерде бала үйдө же коомдо сүйүү, түшүнүү жетишсиздигин сезсе, ал башкаларды басмырлоо менен өзүн “күчтүү” сезүүнү каалайт.

Бешинчиден, жашоодогу теңсиздик жана материалдык маселелер.  Кээде балдар социалдык статустун, үй-бүлөлүк деңгээлдин айырмачылыгынан улам кемсинтүүгө дуушар болушат. Бул алардын ортосунда конфликттердин күчөшүнө алып келет. Түпкү проблемалар ушул жакта деп эсептейм, көйгөйлөрдү айтууда, чечүү жолдорун билуу зарыл. Алар кандай жолдор, ыкмалар:

  • Мектеп менен милиция кызматкерлери менен , ата-энелердин тыгыз иштеши,
  • Балдарга эмоционалдык колдоо көрсөтүү, психологиялык жардам берүү,
  • Социалдык тармактардагы агрессияны көзөмөлдөө жана зомбулукка каршы тарбия берүү,
  • Зомбулукка кабылган балдар үчүн ишенимдүү чөйрө түзүү.

МЕКТЕПТЕГИ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ?Жашы жете электердин укук бузуулары, буллиннгди кантип тааныбыз? Анын формалары жана белгилери кандай болот?

-Жашы жете электер арасында укук бузуулар жана буллинг (коркутуу, басмырлоо, мазактоо) учурда көп кездешкен маселелердин бири. Бул көрүнүштөрдү эртерээк аныктоо жана алдын алуу маанилүү.

Ошондо укук бузууларды жана буллингди кантип тааныйбыз?

-Жашы жете электердин укук бузуулары жана буллинг белгилүү бир жүрүм-турум аркылуу байкалат. Алар төмөнкүдөй көрүнүштөр менен коштолот:

Белгилери:

  • Физикалык өзгөрүүлөр – денеде көгөргөн жерлер, жаракаттар, көтөрүңкү агрессия же корккон маанай.
  • Психологиялык өзгөрүүлөр – бала тынчы кетип, стресске түшөт, уяң болуп калат же тескерисинче, агрессивдүү болуп өзгөрөт.
  • Социалдык өзгөрүүлөр – бала досторунан алыстап, сүйлөшүүдөн качат же тескерисинче, терс чөйрөгө кошулуп, начар жүрүм-турум көрсөтө баштайт.
  • Окууга болгон мамилесинин өзгөрүшү – мектепке баргысы келбей калат, жетишкендиги төмөндөйт.
  • Материалдык көйгөйлөр – акча, буюм уурдоо же белгисиз нерселердин пайда болушу.

МЕКТЕПТЕГИ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ?-Толгонай айым мектептердеги буллингдин формалары кандай болот?

Буллинг – бул системалуу түрдө жасалган психологиялык же физикалык басым. Ал төмөнкү формаларда болушу мүмкүн:

Физикалык буллинг:

  • Ур-токмок, түртүү, кармап алып кыйноо.
  • Буюумдарын, жабдууларын атайылап сындыруу, уурдоо.
  • Күч колдонуу же коркутуу аркылуу өз эркине баш ийдирүү.

Вербалдык (сөз аркылуу) буллинг:

  • Мазактоо, кемсинтүү, шылдыңдоо.
  • Кооптуу же кемсинткен сөздөрдү айтып коркутуу.
  • Уруксаты жок каймана ат коюу же каймана мааниде жаман сөздөр менен кайрылуу.

Социалдык буллинг:

  • Тобунан бөлүп салуу, социалдык изоляцияга дуушар кылуу.
  • Башкаларды ошол бала менен сүйлөшпөөгө мажбурлоо.
  • Жаман ушактарды таратуу.

Кибер буллинг (онлайн коркутуу):

  • Интернетте шылдыңдоо, жаман комментарийлерди жазуу.
  • Фейк аккаунттар аркылуу кемсинтүү.
  • Көзөмөлсүз видеолорду таратуу

Мыйзам буллинг деген мааниге эч бир түшүндүрмө бербейт, жана өзүңүздөр билгендей мыйзамда “Буллинг” беренеси жок. Бирок биздин азыркы өсүп келе жаткан келечектин курч көйгөйү, көптөгөн оор жана өтө оор кылмыштардын башаты бул буллинг.

МЕКТЕПТЕГИ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ?-Өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу, көзөмөлдү күчөтүү жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоо үчүн эмне кылуу керек?

-Өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды азайтуу жана окуу жайларда коопсуздукту камсыздоо үчүн комплекстүү мамиле керек. Бул ата-энелердин, мугалимдердин, биз укук коргоо органдарынын жана коомчулуктун биргелешкен аракетин талап кылат. Азыркы учурда жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрүнүн иш графиги саат 07:30 башталып, окуу процесси бүткөнчө окуучулардын коопсуздугу көзөмөлдөнөт.  Мектеп ичинде, сыртында аймакта профилактикалык иш чаралар байма-бай жүргүзүлүп, укук бузууларды алдын алуу үчүн баардык күч аракеттер, мыйзамдуу түшүндүрүү, оор акыбалда, тобокелчилик группасында, мектеп лидерлерин аныктап комплекстүү иштерди алып барабыз. Жогоруда айтып кеткенимдей комлекстүү чечүү жолдорунун 5 пунктун ойлоп чыккам:

✅ Баланын жүрүм-турумун, дос чөйрөсүн жана мектептеги абалын дайыма көзөмөлдөө.

✅ Ачык жана ишенимдүү мамиле түзүү, бала көйгөйлөрүн жашырбай айтууга мүмкүнчүлүк берүү.

✅ Үй-бүлөдө зордук-зомбулукту болтурбоо, жакшы тарбия берүү.

✅ Балага мыйзамды, укуктарын жана жоопкерчилигин түшүндүрүү.

✅ Компьютердик жана телефондук көзөмөлдү күчөтүү, кибер коопсуздукка көңүл буруу.

Ушул жазылган пунктар менен биргеликте иш алып барсак, Кыргызстандын мыкты мыйзам чегинде жашаган инсандарын тарбиялап чыгабыз деген ишеничтемин.

МЕКТЕПТЕГИ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ?Өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун штатын көбөйтүү, аларды иш бөлмөсү менен камсыздоо, видео байкоо системасын кеңейтүү менен эле бул көйгөй чечилип калабы?

-Азыркы учурда көптөгөн мектептерде ЖЖИнин аймактык тескөөчүлөрү 1-2 мектепти карап келсе, ар-бир мектепте 3-4 миңден ашуун окуучу, штатты көбөйтүү менен эки эсе көзөмөлдү күчөтүүдө чоң салым жана зарыл болуп турат. Замандын талабына жараша адамдар Кудайдан эмес, видеобайкоодон коркуп турган учур болуп турат. Ооба, албетте видео-байкоо зарыл, бирок ошол зарылдык ата-эненин жана коомдогу адамдардын ал нерсе жок кылган укук бузуусун мойнуна албай калгандыгы чоң себеп. Милиция кызматкери үчүн бул чоң колдоо, көптөгөн көйгөйлүү учурларга туш болгом. Мектеп ичинде уруш-талаштарды болтурбоодо видеобайкоо аркылуу көзөмөлдөп, баланын кылган укук-бузууларын аныктоодо эң башкы талашсыз далили катары жардам берет.

МЕКТЕПТЕГИ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ?Жаштар арасында агрессияга чакырган контентти чектеп, ата-энелердин жоопкерчиликтерин күчөтүү керек го. Бул иште учурда ата-энелер четке чыгып калган сыяктуу. Баарын милиция менен мектепке жүктөп койгондой сезилет го?

-Туура айтасыз. Азыркы учурда үй-бүлө институттун бекемдөө зарыл деп эсептейм, ата-энени же дагы бир башка себептерди айтып күнөөлөдөн алысмын. Себеби милиция кызматкери болгондон кийин көйгөйдү чечүү, же болбосо жардам берүүнү милдеттендирилген.  Мугалим-билимдин устаты болсо,үй-булө-жан дүйнөнүн устаты. Акты-карадан, арамдан-адалды, жамандан-жакшыны айырмалап, баланын инсан болуусуна чоң фундаменттин өбөлгөсү. Ошол себептен ата-эне баланы тапкан соң, аны руханий жан-дүйнөсүн, тартибин бакканды да билсе туура болот деп ойлоймун.

МЕКТЕПТЕГИ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ?-Кылмыш кылган өспүрүм кандай статьялар менен жазаланат?

-Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин талаптарына ылайык жашы-жете элек өспүрүм 14 жашынан баштап оор жана өтө оор кылмыштар боюнча жоопко тартылат. Сөзүмө аралжы алыс кетпей, Вознеценовка айылында жайгашкан №14 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан жашы жетелек өспүрүмдөр каракчылык боюнча 208-берене, 206-берене- тоноо, 208- берене -опузалоо, 130-берене- денеге оор залал келтирүү, 280- бейбаштык беренелери менен жоопко тартылып, азыркы учурда убагында мыйзамды түшүнбөй, укук бузгандыгы үчүн өкүнүп отурган учуру. Жашоонун ак барагы ал өспүрүмдөргө да ачылат, эң башкысы- келечек муун үчүн алардын каталары сабак болушу керек.

-Балдары зордук, зомбулуктар кылганы үчүн ата-энелерге да кандай чаралар көрүлөт?

-Ата-эне байкуш балам жаман болсун деп чоңойтпойт экен. Бирок өтүп кеткен учур, укук бузуу каталарды кечирбейт. Мыйзам баардыгына бирдей. Азыркы учурда ата-энелерди жоопко тартууда практика жүзүндө Укук бузуулар кодексиндеги 102-берененин 1.2.3-бөлүктөрүн колдонуп келебиз.

МЕКТЕПТЕГИ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТУУГА БОЛОТ?-Жергиликтүү бийлик органдары дагы таалим-тарбия берүү ишинен четтеп калган сыяктуу. Алардын дагы жоопкерчилигида мыйзамда каралганбы?

-Албетте. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөгү № 60 мыйзамынын талаптарына ылайык 11 субьект профилактика иштерин жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде жергиликтүү органдар дагы бар. Жыл башынан иштелип чыккан иш-мерчемдин негизинде комплекстүү жумуш алып барып келебиз. Беш адам бөлөк-тилек бир деген позицияны карманып, биздин жумуштар жакшы жыйынтыгын берет деп ишенем. Иш болгон жерде сын-пикир болот, ката да кетиши ыктымал. Бирок жашы жетелек өспүрүмдүн өмүрү  милиция кызматкери үчүн өз өмүрүнөн да маанилүү жана аны сактоо, коргоо биринчи орундагы милдетибиз.

Азыркы учурда биздин келечегибиз болгон өсүп келе жаткан балдарыбыз. Баардыгыбыз балдар биздин келечегибиз дейбиз, бирок аларды туура тарбиялоо биздин жаркын келечегибиз экенин эсибизден чыгарбайлы. Коом, сиз жана биз баардыгыбыз киришип биргеликте мыйзам талаптарына ылайык, улуттук идеология менен тарбия берсек гана Кыргызстандын мыкты инсандарын чыгарабыз деген ниеттебиз. Сокурдун-эңсегени көз болсо, милиция-эңсегени тынчтык. Тынчтык мыйзамдуулук менен биргеликте келет.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер