МЕКТЕПТЕГИ ЗОМБУЛУК: «КОРКПО, БИЛДИР» АНОНИМДҮҮ ФУНКЦИЯСЫ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

  • 20.11.2025
  • 0

Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Жарандык катышуу” коомдук фонду менен биргеликте жана “Гуд Нейборс Интернешнл” филиалынын колдоосу менен мектептердеги зомбулук жана балдарды коргоо маселесине арналган ири изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулашты.

МЕКТЕПТЕГИ ЗОМБУЛУК: «КОРКПО, БИЛДИР» АНОНИМДҮҮ ФУНКЦИЯСЫ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрлик балдардын социалдык биримдигин чыңдоо, сапаттуу билим берүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп, сунуштарды кабыл алууга ачык дайыма экендигин билдирди.

  • Агартуу министрлиги балдар арасындагы зомбулук бар экенин билет жана аны алдын алуу боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүүдө. Зомбулуктун себептери ар тараптуу айтылып келет, бирок ошол эле учурда жүргүзүлгөн иликтөөлөр ата-энелердин жоопкерчилиги эң чоң факторлордун бири экенин көрсөттү: сурамжылоого катышкан ата-энелердин 65 пайызы баланы багууну жүк катары кабыл аларын иликтөө көрсөттү. Азыркы учурда тармактык кызматташтык аркылуу бирдиктүү иштерди жасоого аракеттенүүдөбүз. ИИМ менен биргеликте ар бир мектепте жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору иштеп жатат. Анонимдүү «Күндөлүк» тиркемеси толук кандуу иштей баштады. Жаңы серверлер алынып, мамлекеттик портал жаңыланды. «Түндүк» системасына караганда да ири мүмкүнчүлүктөрдү берген бул портал аркылуу 93 миң мугалим, бир жарым миллион окуучу жана ата-эне тынымсыз байланышта. Порталдын ичинде «Коркпо, билдир» деген анонимдүү билдирүү функциясы иштейт. Быйылкы жарым жыл ичинде эле бул канал аркылуу 2 миңден ашуун окуучунун кайрылуусу келип түштү. Алар бир убакта ИИМге, Агартуу министрлигине жана мектеп директорлоруна жөнөтүлөт. Эгер бул механизм болбосо, статистика мындан да жаман болушу мүмкүн эле, — деди министр.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева бүгүнкү күндө билим берүү мекемелеринин 80 пайызында видео-көзөмөл орнотулуп, ИИМдин Кырдаалдык борбору менен байланыштырылган системалар иштеп жатканыны кошумчалады. Бирок эң чоң көйгөй – ата-энелердин балага болгон маданияты жана жоопкерчилиги экендигин баса белгиледи.

  • Мектепте болгон ар бир окуя үчүн директор же мугалим жаза алышы мүмкүн. Бирок ата-эне өз баласынын терс жүрүм-туруму үчүн жоопкерчилик тарткан учурлардын статистикасы барбы? Тилекке каршы, жок. Кээде ата-энелер баласын жакшы мектепке берип коюу менен ата-энелик функциясын аткаруудан четтеп калышат. Бирок жакшы мектеп коомдук жоопкерчилик жана чөйрө калыптанмайынча, өз алдынча идеалдуу натыйжа бере албайт.

Агартуу министрлигинин негизги максаты – балдардын билим алуусун жана окуу көндүмдөрүн калыптандыруу. Тарбия процессинде ата-эне толук колдоо көрсөтүшү керек. Билим алууда адилеттүүлүк жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында быйылкы жылдан тартып терең реформалар жана трансформация башталды, — деп кошумчалады.

 

Кыргыз Республикасынын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева коомдун өзгөрүүсү менен бирге балдардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна түздөн-түз таасир этүүчү тобокелдиктер өзгөрүп жатканын белгиледи. Бул өзгөрүүлөр мамлекеттик органдардан, атайын кызматтардан, сот адилеттиги институттарынан жана жарандык коомдон жоопкерчиликтүү мамиле жасоо үчүн тыгыз координацияны талап кылат.

“Бүгүн биз балдардын укуктарын коргоо системасы өз убагында жооп кайтарууну жана макулдашылган аракеттерди талап кылган жаңы чакырыктарга туш болуп жаткан шартта чогулдук”, — деди Асел Чынбаева.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы өлкөнүн мамлекеттик мектептериндеги түзүлгөн кырдаал жөнүндө толук түшүнүк алууга мүмкүндүк берип, компетенттүү органдар жана уюмдар тарабынан натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга негиз болот.

Айгерим Токтобаева, «Кут БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер