МЕКТЕПТЕ АКЧА ЧОГУЛТУУЛАР ТЫЙЫЛА ЭЛЕК

  • 07.09.2023
  • 0

МЕКТЕПТЕ АКЧА ЧОГУЛТУУЛАР ТЫЙЫЛА ЭЛЕК

Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев шаардык, райондук жетекчилердин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезексиз жыйын өткөрдү.  

Жыйында билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө, мектеп жетекчилеринин коррупциялык иштерге аралашпоосу боюнча маселелер көтөрүлдү. Эскерте кетсек, окуу жылынын башында эле төрт мектеп директору пара алып кармалды.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мамлекет билим берүүгө эң көп каражат бөлүп, ар-тараптан колдоп жатканда мектеп директорлорунун пара менен кармалышы бүтүндөй билим берүү системасына сөз тийгизерин айтты.    

— Окуу жылынын башында майрамдык маанайда кездешсек болмок. Тилекке каршы,  кырдаал өзгөрүп кетти. Директорлордун коррупциялык көрүнүштөргө аралашып, кармалышы бүтүндөй билим берүү тутумуна доо кетирди. Биз бүгүн мындай фактыларга кескин бөгөт коюу үчүн чогулуп отурабыз. Айрым мектептер “үй-бүлөлүк вотчинага” айланып, жакын туугандары иш процессине аралашкан фактылар аныкталууда, мындан ары буга катуу чаралар көрүлөт. Педагогдун тарыхында мындай “уяттуу” окуялар орун албашы үчүн биз өткөн окуялардан сабак алышыбыз керек. Мамлекет билим берүүгө акыркы тыйынын берип жатса, билим берүү системасынын, мугалимдин статусуна мындай окуялар доо келтирип жатат. Пара менен кармалган мектеп директору окуучулардын, кесиптештеринин бетин кантип карайт?! Учурда жаңы нормативдик акт иштелүүдө, анда министр мугалимди мугалимдик статустан ажыратууга укугу бар, — деди министр.

МЕКТЕПТЕ АКЧА ЧОГУЛТУУЛАР ТЫЙЫЛА ЭЛЕК

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2020-жыл менен 2023-жылдагы фактыраларга таянып, билим берүүнүн өнүгүүсүнө болгон иш-аракеттер тууралуу айтты. Министрдин айтымында, 2020-жылы мамлекеттик бюджеттен билим берүүгө 30млрд сом каралса, бул жылы 67млрдга жетти. Тактап айтканда бюджеттин 17% билим берүү тармагына бөлүнөт.  Мектеп куруу үчүн 1млд 200млн сом бөлүнсө, быйыл 7млр 700млн каралды.  Республика боюнча 204 мектеп салынууда. Анын 100ү быйыл курулуп бүтөт. 2020-жылы 700 компьютер бөлүнсө, быйыл 28миңден ашык компьютер мектептерге берилди. Китеп басып чыгаруу 123миңден бир млн 278миң нускага жетти.

Билим берүү бөлүмдөрүндөгү  коруппциялык иштерге бөгөт коюу максатында, күнү-түнү 0999-800-500 ишеним номери жарандардын кабыл алууда.

Директорлорду тандоо боюнча Жободо көйгөйлөр бар экендигин Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, буга чейин коррупция үчүн соттолгон жетекчи акталып, кайра эле ошол кызматына келген. Ошондуктан тандоо максималдуу объективдүү, таза өтүшү керек. Ошондой эле Камкорчулар кеңеши жөнүндө Жобону бурмалабоого чакырды.

  • Камкорчулар кеңеши жөнүндө Жобо бар. Ар бир жетекчиге кайрылам! Бул жобонун маанисин бурмалабагыла! Ата-энени демөөрчүлүк кылууга мажбурлай албайсыңар, бул одоно мыйзам бузуу. Жобонун ар бир пунктун жакшылап окугула. Бардык муктаждыктар боюнча райондук  билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылгыла. Жетекчилер өз убагында арыздарын бербей койгон учурлар көп болуп жатат. Жетекчилер, ар бир мугалимге туура маалымат жеткиргиле.  Мектептер курулуп, каражаттар бөлүнүп жатат. Биз инвестицияларды, спонсорлорду таап жатабыз, — деди вице-мэр.

Тилекке каршы,  мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуулар тууралуу арыздар көп келип түшүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Омор уулу токтолду.

  • Тилекке каршы, мектептердеги акча чогултуу боюнча арыздар, телефон чалуулар дагы деле катталууда. Эмнегедир бул иш тыйылбай жатат. Мындан ары да коррупция менен күрөшүү иштери уланат. Азыркы учурда тергөөдө дагы иштер бар. Алар менен кийин ММК аркылуу тааныштырабыз. Сиздерди ушундай коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырам, — деди Айбек Омор уулу.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер