МЕКТЕПКЕ ЖАНЫШ РУСТЕНБЕКОВДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 02.09.2024
  • 0

 Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл аймагындагы Кеңеш жалпы билим берүү орто мектебине Жаныш Рустенбековдун аты берилди.

МЕКТЕПКЕ ЖАНЫШ РУСТЕНБЕКОВДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Билим күнүнө карата аталган мектепке кош майрам белгиленип, коомдук ишмер, экс-депутат, экс-министр Жаныш Рустенбековдун ысымы өзүнүн туулуп өткөн Кеңеш айылындагы мектепте  ыйгарылды.

 

 

 

 

МЕКТЕПКЕ ЖАНЫШ РУСТЕНБЕКОВДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

МЕКТЕПКЕ ЖАНЫШ РУСТЕНБЕКОВДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Иш-чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев баштаган Ж.Рустенбековдун замандаш-кесиптештери, бир туугандары, айылдык кеңештин депутаттары,  айылдаштары катышты.

МЕКТЕПКЕ ЖАНЫШ РУСТЕНБЕКОВДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

МЕКТЕПКЕ ЖАНЫШ РУСТЕНБЕКОВДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Рустенбеков Жаныш 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское (азыркы Кеңеш)  айылында туулган. 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-ж. баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты.

1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси, 1994-1995-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.

1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген.

1996-2000-жж. КР Өкмөтүнө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген. 2000-2005-жылдары – КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин Төрагасы болсо,  2005-2007-жж. КР өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган. 2007-2022-жж. Кыргыз Республикасынын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарында үзүрлүү эмгектенген.

Жаныш Рустенбеков 2023-жылдын 11-июлунда 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер