МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ: САНАРИП КАМПА ПЛАТФОРМАСЫ ИШТЕЛИП ЧЫГАТ

  • 05.03.2026
  • 0

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ар жыл сайын 570 уктоочу бөлмөнү трансформациялап, алардын ордуна өнүктүрүүчү бөлмөлөрдү түзүү зарыл. Бул тууралуу Агартуу министрлигинде өткөн кеңешмеде министр Д.Кендирбаева билдирди. Кеңешме КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда өттү.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ: САНАРИП КАМПА ПЛАТФОРМАСЫ ИШТЕЛИП ЧЫГАТ

Кеңешмеде учурда мектепке чейинки билим берүүдө өнүгүү динамикасы байкалганы, балдарды бала бакча менен камтуу деңгээли жана региондор аралык айырмачылыктар, инфраструктуралык камсыздоо, кадрдык потенциал, билим берүүнүн сапаты жана 2026-2030-жылдарга карата стратегиялык багыттар боюнча кеңири сөз болду.

Эдил Байсалов мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 51% түзгөнүн белгилеп, бала бакчалардын имараттарын мамлекетке кайтаруу жана уктоочу бөлмөлөрдү трансформациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жетишкендик катары баалады.

Өз кезегинде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ар бир баланын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана кенже курактагы балдардын чыгармачылыгын дүйнөлүк технологияларды колдонуу аркылуу өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

“Ынтымакка, достукка, салттык баалуулуктарга жана жашыл чөйрөнү урматтоого үйрөткөн өнүктүрүүчү китептер менен камсыздоо, ата-энелер менен билим берүү уюмдарынын кызматташуусун күчөтүү, бала бакчаларда бешик ырын жаңыртып туруу баланын инсан катары калыптанышына өбөлгө түзөт. Билим берүү бөлүмдөрү жаратмандык менен балдар үчүн кызмат кылуу багытында иш алып баруусу керек”, — деди министр.

Кеңешменин жыйынтыгында бир катар артыкчылыктуу чаралар аныкталып, протоколдук тапшырмалар жана аларды аткаруу мөөнөттөрү белгиленди. Алсак, мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн билим берүү жана өнүктүрүү чөйрөлөрүнүн улуттук жаңы моделин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча жумушчу топ түзүп, ар бир район жана шаарда алдыңкы бала бакчаларды аныктап, алардын тажрыйбасын жайылтуу жана тажрыйба алмашууну уюштуруу сунушталды. Андан тышкары, мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн Санарип кампа платформасын иштеп чыгуу жана жыл сайын 570 уктоочу бөлмөнү трансформациялап, алардын ордуна өнүктүрүүчү бөлмөлөрдү түзүү зарылдыгы белгиленди.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер