МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫН КАЙРАДАН АЧУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

  • 27.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасында COVID-19 эпидемиологиялык кырдаалда Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан мектепке чейинки билим берүү программасына камтуу боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө.

Министрлик тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн маселе боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат. Учурда, мониторингдин жыйынтыгы менен, 2020-жылдын 26-октябрына карата, өлкө боюнча 96 мектепке чейинки билим берүү уюмдары, анын ичинде Жалал-Абад облусунда 10 муниципалдык, Ош облусунда 20 муниципалдык, Чүй облусунда 25 жеке менчик, ошондой эле Бишкек шаарында — 39 жеке менчик жана 2 ведомстволук балдар бакчалары ишмердүүлүгүн жандандырып, 6 % чейин өсүүдө.

Мындан ары да бала бакчалардын ишмердүүлүгүн жандандырууну көбөйтүү максатында, министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 244 токтому менен бекитилген убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын аткаруу боюнча иш-аракеттердин Алгоритминине ылайык келтирүү тапшырмасы берилип,  белгиленген иш чаралар райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан аткарууга алынды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо  министрлигинин  адистери,  ошондой  эле  балдардын  эрте  өнүгүүсү  боюнча  эксперттер  тарабынан  жана  ЮНИСЕФтин  техникалык  жана  каржылык  колдоосу  менен “Карантинден кийин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин кайра улантуу үчүн колдонмосу” иштелип  чыгып, республика боюнча балдар бакчаларына жеткирилип берилди.

Ошол эле учурда, COVID-19 эпидемиологиялык кырдаал шартында  балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн жүргүзүү, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын сактоо  боюнча  ар бир балдар бакчасынын педагогдору, тарбиячылылардын жардамчылары, медициналык кызматкерлер, усулчулар жана директорлор бул колдонмонун негизинде  онлайн окуудан өткөрүлдү.

Учурда, мектепке чейинки билим берүү уюмдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын жана аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун уруксаты менен, түзүлгөн кырдаалга карап:

  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдары уставында белгиленген тартиби боюнча (3,10, 24 саат) салттуу түрдѳ;
  • ата-энелер менен макулдашуунун негизинде (билим берүү жана өнүктүрүү компонентин камсыздоо менен) кыска мөөнөнттүү (3 сааттык) тайпалардын ачылуусу;
  • балдардын саны абдан аз болсо, “дежурный” тайпалар иштөөсү;

ар түрдүү курактагы балдар үчүн тайпалар ачылышы менен ишмердүүлүгүн улантса болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер