12 жылдык билим: директорлордун ролу

  • 05.02.2026
  • 0

Баткен районунун Карабак айылындагы Бото Нарматов атындагы инновациялык мектепте райондогу 53 мектептин директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн усулдук семинар өткөрүлдү.

12 жылдык билим: директорлордун ролу

Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери, билим берүү тармагындагы адистер катышып, башкаруу жана окутуу боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Семинар «12 жылдык билим берүү шартында директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынын ролу жана башкаруунун натыйжалуу ыкмалары» темасына арналды. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлнара Караева билим берүү системасында жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдө мектеп администрациясынын жоопкерчилиги жана ролу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай семинарлар мектеп жетекчилеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана «Алтын Казык» программасын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы актуалдуу жаңылануулар, мугалимдердин заманбап компетенцияларын өнүктүрүү, баалоонун салттуу ыкмаларынан критериалдык жана объективдүү моделдерге өтүү, окутуунун сапатын жогорулатуу жана сабакты натыйжалуу уюштуруу, педагогикалык жана укуктук талаптарды сактоо, мугалимдин билими, жөндөмү жана кесиптик жүрүм-турумуна коюлган талаптар  боюнча кеңири талкуулар болду.

Аталган инновациялык окуу жайы Агартуу министрлигинин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбооруна кирген 53 инновациялык мектептин катарына кирет. Мектеп жетекчилиги долбоордун алкагында «Трансформациялык лидерлик жана инновациялык башкаруу» аттуу 72 сааттык онлайн-окутуу курсун өтүп жатышат жана алган билим жана тажрыйбасын андан ары кластердик мектептерге жайылтышууда.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, аталган мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Артыкбай кызы Жумагүл: «Семинар алдын ала пландалып, катышуучулар үчүн практикалык пайдасы жогору болушуна өзгөчө көңүл бурулду. Сапаттуу билим берүүгө жетишүү окуучунун аракетине гана байланыштуу эмес. Бул – натыйжалуу башкаруунун, ошондой эле мугалимдерге үзгүлтүксүз көрсөтүлүп жаткан кесиптик колдоонун жыйынтыгы. Биздин мектеп да билим берүү тармагындагы инновациялык демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырып жатабыз» — деп билдирди.  

Ошондой эле иш-чарада алдыңкы мугалимдер ачык сабактарды көрсөтүп, катышуучулар үчүн Форум театры уюштурулду.

Семинар билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле заманбап окутуу жана башкаруу ыкмаларын практикада колдонууга багытталган натыйжалуу аянтча болду.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер