МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

  • 11.10.2023
  • 0

Аптада Билим берүү жана илим министрлиги Мерсико эл аралык уюму менен биргеликте мектеп окуучуларынын тамактануу программасынын жыйынтыктарын жана пландарын талкуулады.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

«Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу»

Маалыматка ылайык, жыйын Кыргызстандын мектептик билим берүү системасында башталгыч класстын окуучуларын сапаттуу ысык тамак менен камсыздоо механизмдерин жакшыртууга багытталды.  Иш-чарага МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу (2021-2026)» (MGD) программасына кирген Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын мектептеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын катышуучулары 2023-жылга карата жыйынтыктарын карап, 2024-жылга пландарды белгилешти. Ошондой эле “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамы жана өлкөдөгү мектептердеги тамак-аштын абалы менен таанышты. Мындан сырткары Программанын компоненттеринин, т.а. мектеп ашпозчулары үчүн онлайн курс (алгачкы жыйынтыктар), «Жаш багбан» окуу программасы, мектептеги тамак-аштын туруктуулугу боюнча изилдөө (прогресстин корутундусу) тууралуу дагы маалымат алышты.

Башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу 2023-жылдын 25-июлундагы “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде ишке ашырылып келатат. Мерсико АКШнын Айыл чарба министрлиги (USDA) тарабынан каржыланган МГД программасы аркылуу ушул мыйзамда бекитилген балдардын укуктарын илгерилетүүгө салым кошот.

— Программаны ишке ашыруунун биринчи этабында 2021-2023-жж. 124 мектеп ашкана жабдууларын алып, ашпозчуларды жана ашкананын кызматкерлерин окутушту, ысык тамак ийгиликтүү ишке киргизилди. Ал эми программанын экинчи этабы («экинчи когорта») 133 мектепти камтыйт. Мерсико төмөнкүлөр боюнча техникалык колдоо көрсөтүү үчүн иштейт: китеп таратуу жана мугалимдердин потенциалын жогорулатуу аркылуу башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу; мектеп ашканаларын ашкана жабдуулары менен жабдуу;  инженердик-курулуш иштерин аткарууда мектеп администрацияларына консультациялык кызматтарды көрсөтүү; тамак-аштын алты түрүн берүү аркылуу балдардын рационун жакшыртуу. Мындан тышкары, ылайыктуу шарттары жана өбөлгөлөрү бар айрым мектептер мектеп бакчаларын уюштурууга жана суу менен камсыздоо, санитария жана гигиеналык шарттарды жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышат, — дейт ББжИМнин мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси А.Кусеинова.

Программанын максаттары

Бул программанын максаты — мектеп окуучуларынын сабаттуулугун жогорулатуу; башталгыч класстардын окуучуларынын жана алардын жамааттарынын арасында ден соолук, тамактануу жана мүнөздөп тамактануу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонууну кеңейтүү.

Алты облустан 100 000 окуучуну камтыган 400дөн ашык мектеп АКШнын айыл чарба министрлигинен азык-түлүк (3980 тонна) жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алынган кефир (1280 тонна) алат. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан ар бир балага күнүнө 7-10 сомдон бөлүнгөн каражатка берилип жаткан тамак-аштан тышкары жасмык, ун, күрүч, күн карама майы, буурчак жана Программанын алкагында ата-энелер комитети жана мектеп жетекчилиги менен биргеликте ысык тамакты натыйжалуу уюштуруу, түрдүү менюну жайылтуу жана жамааттарды активдүү катышууга чакыруу пландаштырылууда. Мектептеги пайдалуу тамактар балдардын окууга көңүл буруусуна жардам берет.

2021-2022-жж. Жыйынтыктар

  • Мерсико 400дөн ашуун максаттуу мектепти тандап, мамлекеттик, райондук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мектептердин тамак-аш жана суу менен камсыз болуусун калыбына келтирүү үчүн мобилизациялоо аркылуу кызыкдар тараптар менен өнөктөштүк түздү. Базалык изилдөө жана максаттуу мектептердин муктаждыктарын баалоо менен биринчи когорта үчүн 124 мектеп аныкталды. Программанын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мектептерге тамактануу жайларын реабилитациялоого техникалык колдоо көрсөтүлдү, ашкана жабдууларын жана айран сатып алуу боюнча тендерлер өткөрүлүп, мектеп ашпозчулары окутула баштады, — дейт министрликтин башкы адиси.

Мектептеги тамак-аш — балдардын окуудагы жогорку жетишкендигинин жана бакубаттуулугунун негизи.

2023-жылдын февралына чейин МГД программасы:

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте меморандумга кол коюлду.
  • Базалык баалоо жана мектептердин инфраструктуралык муктаждыктарын баалоо жүргүзүлдү.
  • 124 мектептин ашканасын реабилитациялоого техникалык колдоо көрсөтүлдү жана бардык 124 максаттуу мектепке жабдуулар жеткирилди.
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарындагы 23 мектепте сууга жана канализацияга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу; 20 мектепте сууну чыпкалоо жана дезинфекциялоочу жабдууларды орнотуу иштери уланууда.
  • Кыска жана узак мөөнөттүү программалар боюнча 176 мектеп ашпозчусу окуудан өткөрүлдү.
  • Мектеп ашпозчулары форма жана колдонмолор менен камсыздалды.
  • Жергиликтүү өндүрүлгөн айран жана USDA тарабынан берилген тамак-аш азыктары (күрүч, ун, жасмык, буурчак, өсүмдүк майы) мектептерге таратыла баштады.
  • 30 мектеп бакчасын түзүү үчүн маалымат чогултулуп, баалоо картасы даярдалды.
  • «Жаш багбан» окуу модулу иштелип чыгып, катышуучулар тандалды.

Мерсиконун сабаттуулук компоненти боюнча өнөктөшү Research Triangle Institute (RTI) уюму программалык мектептерге жана коомдук китепканаларга таратуу үчүн тандалып алынган китептерди басууда жана мугалимдер менен мектеп жетекчилерин окутуудан өткөрдү. Ошондой эле Мерсико мектепте тамактануу, сабаттуулук жана ден соолук жаатындагы мыйзамдарды жана ченемдик укуктук базаларды колдоого басым жасайт.

Мектеп ашпозчулары балдар үчүн азыктандыруучу жана даамдуу тамактарды жасоону үйрөнүштү.

Башка облустарда абал кандай?

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Өмүркановдун берген маалыматы боюнча, 2023-жылдын 15-сентябрына карата Талас районунда 1-4-класстын 4971,   Талас шаарында 3869 окуучу ысык тамак менен камсыз болгон.

Ысык тамакты уюштуруу үчүн  мамлекет тарабынан ар бир балага 1 күнгө 7 сомдон, ал эми Талас районундагы Р.Айдаралиев, М. Туйтунов, И.Орозалиев жана А.Бөрүбаев атындагы орто мектептери тоолуу аймакта жайгашкандыгы үчүн 10 сомдон бөлүнөт. Ал эми ата-энелер 150-200 сомдон беришет.

Токмок шаарынын №5 орто мектебинде 325 окуучуга ысык тамак берилет. Ар бир баланын тамактануусу үчүн мамлекеттик бюджеттен бир күнгө 7 сом бөлүнөт. Окуучулардын сапаттуу тамактанышын камсыздоо максатында ата-энелер демөөрчүлүк кылып, анын негизинде окуучуларга жеткиликтүү тамак-аш уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ушундай эле көрүнүштү Аксы районундагы №10 Ж.Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде көрсө болот. Мектепте 322 окуучу тамактанат. Ар бир окуучуга мамлекет тарабынан 7 сомдон, ал эми ата-энелер тарабынан балдардын ден соолугуна кам көрүп, кабыл алуусун жакшыртуу жана толук кандуу, витаминдүү, калориялуу тамактануу максатында өздөрүнүн демилгеси менен 11 сомдон топтоо жагы каралган. Алыскы Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин мугалими Гүлүмкан Турганбаеванын билдирүүсү боюнча, мамлекеттен 10 сом, ата-энелер 7 сомдон балдардын ысык тамагына берилет.

 — Атайын перспективалык төрт жумалык меню түзүлгөн. Эки күн салат, бир күн жумуртка берилет. Калган күндөрү эт менен ысык тамак, каша каралган. Эне-атанын 7 сомуна нан, компот берилет. Ата-энелер картошка менен камсыз кылышат, — дейт мугалим.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Мерсико жөнүндө

Мерсико — бул жакшы дүйнөнү түзүү мүмкүнчүлүгүнө ишенген алдыңкы глобалдык уюм. Кыйынчылыктын жана жокчулуктун шартында, дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүндө биз тайманбастык менен чечимдерди ишаракетке айландыруу үчүн өнөктөштүктө иштеп, адамдарга кыйынчылыктарды жеңүүгө жана күчтүү жамааттарды курууга жардам беребиз. Учурда жана келечекте.

Мерсико 11 жылдан бери МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасын ишке ашырып келе жатат. 2012-2021-жылдары Мерсико 510 мектептин башталгыч класстарын ысык тамак менен камсыздандырганга көмөк көрсөткөн. Билим берүү жана илим министрлигинин (ББИМ) жетекчилиги астында мектептерде ысык тамакты жайылтуу боюнча Мерсиконун биргелешкен кампаниясынын натыйжасында 2019-жылы окучууларды мектепте тамактандыруу боюнча жаңы мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле 2021-жылы Мерсико 25 миллион доллар бюджети менен Программанын жаңы беш жылдык айлампасын ишке киргизди.

Комментарийлер