МЕКТЕП СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ПРАКТИКАЛЫК БИЛИМ АЛУУЧУ АЯНТЧАГА АЙЛАНАТ
- 11.09.2025
- 0
Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова болочоктогу педагогдорду даярдоо иши ири реформага муктаж жана азыр жол картасы түзүлүп, анын үстүндө иштеп жаткандары тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин түз эфиринде билдирди.

— Агартуу министрлиги дагы эртеңки педагогдорубузду аудиторияларда эле окута бербей, көбүрөөк мектепте практика өтсүн деп айтып жатабыз. Ар бир мектеп студенттер үчүн практикалык билим алуучу аянтчага айланышы керек. Мисалы, дарыгерлер бейтапканаларда практика өткөн сымал, биздин студенттер да мектепте кандай көйгөйлөр бар жана аларды кантип жоюш керектигин көрүшү керек. Алар мугалимдин иштегенин, завучтун окуу процессин жөндөгөнүн, директордун башкаруудагы маселелерди чечкенин көрүп-билиши зарыл. Болочок педагогдор практика учурунда окуучуларды кантип окутуу керектигинен тышкары, башкаруудагы көйгөйлөрдү чечүү, кесиптештер, ата-энелер менен мамиле түзүү жана ишке жаңычылдыктарды киргизүү сыяктуу нерселерди үйрөнүшү керек. Мындай тажрыйба эртеңки мугалимди мектепке даярдап, өз кесибин толук түшүнүүгө жардам берет, — деди орун басар.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер