МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН III БАСКЫЧЫ БАШТАЛДЫ
- 27.02.2026
- 0
Бүгүн, 27-февралда, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын облустук этабы өтүп жатат. Облустук этапка райондук баскычта 1-2-орунду ээлеген 1606 окуучу катышууда.


Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өтүүдө: англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых; окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты; окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.

Олимпиаданын Талас облустук баскычына райондук этаптан жеңишке жетишкен 120 окуучу катышууда. Алсак, Талас ш/р жалпы— 37 окуучу, анын ичинен «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин «Манас Ата лицейи» филиалынан 7 окуучу, «Мээрим лицейи» филиалынан 8 окуучу. Билимканадан — 1 окуучу, Талас облустук жатак-мектеби — 1окуучу, Бакай-Ата районунан — 23 окуучу, Айтматов районунан — 34 окуучу жана Манас районунан — 26 окуучу.


— Олимпиаданы баалоо жана адилет баа берүү үчүн 85 педагог калыстар тобунун курамында, 6 мугалим апелляциялык топто, байкоочулардан — 5 адам. Олимпиаданын облустук туру Талас шаарындагы «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин “Манас Ата лицейи» филалында өткөрүлүп жатат. Олимпиаданы өткөрүүдө уюштуруу иштерине жакындан жардам кылган лицейге ыраазычылык кат тапшырылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Эмил Жамакеев катышып, окуучуларга ийгилик жана мыкты жыйынтыктарды каалады, — дейт Талас билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер