Мектеп директорлорунун сынагына 141 талапкер катышууда

  • 09.12.2025
  • 0

Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти бүгүн-эртең өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тест өткөрүүдө. Сынак Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде өтүүдө.

Конкурска катышуу үчүн 200 документ катталып, 141 талапкердин документтери жобонун талаптарына ылайык деп табылган, анын ичинде:
— Бишкек шаарында – 11;
— Чүй облусунда – 16;
— Талас облусунда – 8;
— Ысык-Көл облусунда – 14;
— Нарын облусунда – 17;
— Ош шаарында – 3;
— Ош облусунда – 31;
— Жалал-Абад облусунда – 31;
— Баткен облусунда – 10.
Калган 59 талапкердин документтери жободогу талаптарга жооп бербейт деп аныкталган.

Республика боюнча жалпы билим берүү уюмдарында ваканттык орундардын саны – 190.

Бөлүшүү

Комментарийлер