МЕКТЕП ЧӨЙРӨСҮНДӨ РЭКЕТЧИЛИКТИН, ЗОМБУЛУКТУН ЖАНА АГРЕССИВДҮҮ ЖҮРҮМ-ТУРУМДУН АЛДЫН АЛУУ

  • 30.12.2025
  • 0

2025-жылдын 29-декабрында жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын ортосундагы чыр-чатактардын жана мыйзамсыз жүрүм-турумдардын алдын алуу максатында   Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин демилгеси менен облустук жана райондук администрациялардын, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын, ошондой эле Талас облусунун бардык мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

МЕКТЕП ЧӨЙРӨСҮНДӨ РЭКЕТЧИЛИКТИН, ЗОМБУЛУКТУН ЖАНА АГРЕССИВДҮҮ ЖҮРҮМ-ТУРУМДУН АЛДЫН АЛУУ

Э.Момуновдун маалыматына таянсак, катышуучуларга УКМК тарабынан Талас шаарындагы орто мектептердин 7-классынын окуучуларынын коомдук тартипке каршы аракеттери боюнча, социалдык тармактарда тараган маалыматтын негизинде тергөө  иштери жүргүзүлүп жакандыгы айтылды.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Талас шаарындагы орто билим берүү мекемелеринин 7-классындагы жашы жете элек окуучулардын социалдык эмес жүрүм-туруму боюнча алдын ала тергөө жүргүзүп жатканы жана бул тууралуу социалдык тармактарда тарап жатканы маалымдалды.

Натыйжада, жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан жашы жете электердин арасында укук бузуулардын жана жоруктардын алдын алуу боюнча иштер жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп, өсүп келе жаткан муунду адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо боюнча талаптар аткарылбай жаткандыгы, буга байланыштуу КР УКМК «жашы жете электердин укукка каршы аракеттерди жасоосуна, алардын кайталанышына, ошондой эле кийинки коомдук резонанска жана терс социалдык кесепеттерге өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө токтом» чыгаргандыгы айтылды.

Токтомду ишке ашыруунун алкагында №5 орто мектептин директору жана Талас ШИИБдин башчысынын орун басары ээлеген кызматтарынан бошотулуп, Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана №5 орто мектептин социалдык кызматкерине тартиптик чаралар көрүлүп, Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкерине сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз жүрүм-турумга барган жашы жете электер профилактикалык байкоо тизмесине киргизилип, алардын ата-энелерине мыйзам талаптарына ылайык айып пул салынган.

Ошону менен бирге, жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

— укукка каршы жүрүм-турумга жакын өспүрүмдөрдү алдын ала аныктоо;

— билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу;

— билим берүү жана ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү;

— мектеп чөйрөсүндө рэкетчиликтин, зомбулуктун жана агрессивдүү жүрүм-турумдун алдын алуу;

— коопсуз жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер