Мекенди коргоочулардын кезектеги АЧД каанасы Баткенде ачылды

  • 29.12.2025
  • 0

Бүгүн Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кызыл Булак айылында «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмеси өлкө боюнча жыйырма биринчи аскерге чейинки даярдык каанасын ачты.

Бул саамалык Абдулазиз Сарымсаков жетектеген №4 Көксал Топтан атындагы жалпы билим берүү мекемесинде болуп өттү.

АЧД каанасын ачууда Жайлообай Эшанкулов жетектеген «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмеси демилгечи болсо, ал эми ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү, азыркы учурдагы аскер кызматкерлери демөөрчү болушту.

Атап айтканда, «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин аймактык өкүлү Сайдумар Жороев, бирикменин облустук төрагасы Тынычбек Массаитов, бирикменин Кадамжай райондук төрагасы Нурбек Исаков, ушул билим уядан таалим тарбия алган мекен коргоочулар — Чек ара кызматынан жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Өзгөчө кырдаалдардын жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн аскер кызматкерлери катышты.

Мектептин директору Абдулазиз Сарымсаков, ардактуу эс алуудагы директору Артыкүбү Макамбаева жана АЧД мугалими Эркин Шералиев төш белги менен сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер