МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ФИНАЛЫ 29-30-НОЯБРДА ӨТӨТ

  • 19.11.2020
  • 0

“Техника дүйнөсүндөгү жаш Пифагорлор” аталышындагы математика боюнча республикалык олимпиаданын финалы 29-30-ноябрь күндөрү өтөт.

Аталган олимпиадага Кыргызстан боюнча жалпы 1876 окуучу катышып, регионалдык турда 47ден 60ка чейин балл алган окуучулар финалга жолдомо алышкан. Финалисттердин жалпы саны  171ди түзсө, жарым финалга 616 окуучу өткөн.

Олимпиаданын финалдык этабы, өткөн турлар сыяктуу эле компьютердик тест түрүндө өтөт. Тест кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Катышуучулар 60 мүнөттүн ичинде математиканын ар түрдүү бөлүмдөрүнөн 15 тапшырманы чыгарышы керек. Олимпиаданын ар бир финалисттине жыйынтыктоочу тестке катышуу үчүн шилтеме жазылган жеке СМС-кат жөнөтүлөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер