МАСШТАБДУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН АЛДЫНДАГЫ МААНИЛҮҮ ФОРУМ

  • 04.08.2025
  • 0

Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жайгашкан «Санат» ден соолукту чыңдоо борборунда «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форуму ишин баштоодо.

МАСШТАБДУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН АЛДЫНДАГЫ МААНИЛҮҮ ФОРУМ

Мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн уюштурулуп жаткан бул форумга өлкөнүн булуң-бурчунан келген 800дөн ашуун мугалим, ошондой эле Агартуу министрлигинин жана ага караштуу мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери, тренерлер жана эксперттер катышууда.

Форумдун ачылышында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, билим берүүдөгү заманбап жаңылануунун мааниси жана жаңы окуу жылында боло турган өзгөрүүлөргө токтолду.

 

Жаңылык демекчи, Кыргызстан быйыл жаңы окуу жылынан баштап 12 жылдык билим берүүгө

өтөт. Буга ар тараптуу даярдык көрүлүүдө. Мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыртылып, мамлекеттик жаңы стандарт кабыл алынды.

Мугалимдер жаңы окуу стандарттары боюнча кайра даярдыктан өтүп, билимин жогорулатышууда. Билим берүү системасында жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү, жаңы стандарттарды, предметтик программаларды жана санариптик технологияларды ар бир мугалим жакшы билиши жана колдонушу зарыл.

МАСШТАБДУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН АЛДЫНДАГЫ МААНИЛҮҮ ФОРУМ

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында даярдалган 80 мастер-тренер жер-жерлерде математика жана табигый-илимий предметтер боюнча 15880 мугалимди жаңы технологияларга окутушту.

Ал эми жаңы окуу жылында ар бир мугалим онлайн режимде жылына кеминде 100 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсун өтүшү керек болот. Курсту аяктаган мугалимдерге тастыктоочу сертификаттар берилет.

Мындан тышкары, улуттук мазмундагы предметтерди окуткан мугалимдер үчүн жаңы окуу программалар даярдалып жатат.

2025-жылдын жай айларынан тарта мугалимдерди ушул жаңы программалардын негизинде окутуулар башталды.

Чет өлкөлүк эң мыкты тажрыйба менен байытылган улуттук жаңы муундагы окуу китептерин чыгаруу колго алынды.

“Азыр дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. 150дөн ашуун өн»үккөн өлкөдө заман талабына ылайык 12 жылдык билим берүү системасы аркылуу окутуунун мазмуну, билим берүүнүн ыкмалары өзгөрдү”,-деген Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. — «Билим берүүнүн түзүмү гана эмес, мазмуну да өзгөрөт. Заман талабына жооп берген жаңы окуу китептери киргизилет. Окутуунун методикасы дагы өзгөрөт: билимди жаттап алуунун ордуна, окуучулар аны практикалык колдонууга өтүшөт».

«Бүгүн жөн гана көбөйтүү таблицасын жаттоо же өлкөлөрдүн борборлорун билүү маанилүү эмес. Ой жүгүртүүнү, маалымат издөөнү, командада иштөөнү, өзүн жана башкаларды түшүнө билүү керек. Чоңдордун жашоосуна — университетке, жумушка, үй-бүлөгө даяр болуу керек»,-дейт Кыргызстандын агартуу министри Догдургүл Кендирбаева.

«Буга байланыштуу «Алтын Казык» мектептик билим берүүнү трансформациялоо программасы иштелип чыгып, ишке ашырылууда. Бул модель балдарыбызга дүйнөлүк деңгээлдеги билимдерди жана көндүмдөрдү камсыз кылып, алардын талантын жана потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берет. 12 жылдык система менен мурдатан окутуп келе жаткан өлкөлөрдө окуучулар мектептен кыйла жетилип, кыйла ишенимдүү чыгышат. Алар көбүрөөк окуп, тереңирээк түшүнүп, өз тандоосун аң-сезимдүү жасоого жетишет. Кыргызстанга да ушундай жол керек. Биздин балдар чет өлкөдөн талаада калбаш үчүн дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек, өзүнүн өлкөсүндө башын бийик көтөрүп, өзүн кыргызстандыкмын деп сыймыктанып атап, келечекти курганга даяр болушу керек.

Билим берүүнү заманбап жаңылоого мамлекеттик бюджеттен 25,8 миллиард сом жумшоо тууралуу маанилүү жана батыл чечим кабыл алынды. Бул каражаттар маанилүү иштерге: мектептерди жаңыртууга жана заманбап инфраструктураны курууга, жаңы окуу программаларына жана окуу китептерине, мугалимдерибиздин квалификациясын жогорулатууга, мектептерди лабораториялар жана санариптик технологиялар менен жабдууга жумшалууда.

Кубат Чекиров, «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер