«Чечкиндүү кадам». Кыргызстан-Сингапур: билим берүүдөгү стратегиялык кызматташтык

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Окуу китеп» басма үйү Сингапурдун Marshall Cavendish Education билим берүү мекемеси менен кызматташуу тууралуу меморандумга жана келишимге кол коюшту. Келишимдин натыйжасында Кыргызстандын мектеп окуучуларына  Сипгапурда даярдалган STEAM багытындагы Кембридж моделиндеги дүйнөлүк сапаттагы окуу китептери которулуп жеткирилет.  

Аталган окуу китептери 2026-2027-окуу жылына чейин которулуп, экспертизадан өткөндөн кийин жетиштүү нускада чыгарылат. Мындан сырткары, электрондук версиялары да даярдалат.

"Чечкиндүү кадам". Кыргызстан-Сингапур: билим берүүдөгү стратегиялык кызматташтык

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бул келишимди «тарыхый күн», «тагдыр чечер окуя», улуттук билим берүү тутумун масштабдуу модернизация кылуу жолундагы «чечкиндүү кадам» деп атады.

«Marshall Cavendish Education билим берүү мекемесинин 60 жылдык тарыхында 90дон ашкан өлкө менен кызматташып, 14 тилде ийгиликтүү которгон китеби бизге жетип отурат. Сингапур өлкөсүндөгү билим берүүнүн сапатындагы жетишкендиктерине сиздер чыгарган китептердин өтө чоң орду бар деп ишенебиз. Биз көп өлкөлөрдү тандап, талдап, иликтеп чыгып, сиздер менен кызматташууну чечтик. Билим берүү системасын эң күчтүү билген практик эксперттерди да сунуштасаңыздар, биз кызматташууга даярбыз», — деди министр.

Маршалл Кавендиш мекемесинин алдындагы Таймс басмаканасынын башкы директору Сью Пэн Йим бүгүнкү келишим Кыргызстан менен Сингапурдун ортосундагы кызматташтыктын маанилүү кадамы деп белгилеп, Кыргызстандын билим берүү тармагын жаңылоодо “Алтын казык” программасынын ишке ашышына салым кошуп жатканына кубанычта экенин билдирди.

«Биз бул маанилүү максатка жетүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөш болгонубузга сыймыктанабыз, биздин өнөктөштүгүбүз Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн келечегине оң таасирин тийгизет деп ишенебиз», — деди директор Сью Пэн Йим.

Келишимдин негизинде “Окуу китеби” басма үйү 1-11-класстар үчүн математика жана табигый илимдер, 6-класстар үчүн Prestarters деңгээлинде англис тили боюнча окуу материалдарын которуу жана адаптациялоо укугуна ээ болот. Тараптар биргеликте мектептер үчүн санариптик билим берүү ресурстарын иштеп чыгат.

Мындан сырткары, бул стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында PISA компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу студенттердин илимий жана математикалык сабаттуулугун жогорулатуу, Маршалл Кавендиш мекемеси алдыңкы тренерлер үчүн тренингдерди, электрондук билим берүү ресурстарын, министрликтин кызматкерлерине жана машыктыруучуларга насаатчылык кылуу жагынан колдоо көрсөтүп, окуучулар үчүн «Cerebry» деп аталган Жасалма интеллект платформасын ишке ашырат. Бул платформаны кыргыз жана орус тилдерине которуу демилгесин Билим берүү жана илим министрлиги көтөрөт, бул көбүрөөк окуучуларды камтууга жана окуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бул саамалык билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоонун алкагында болууда. Муну менен министрлик билим берүү тармагын жаңылоо максатында “Алтын казык” программасын ишке ашырууда. Мында 12 жылдык мектеп моделине өтүү каралган. Ага өтсө Кыргызстан дүйнөлүк билим берүү системасына аралашып, ыңгайлашат. Бул автоматтык түрдө окуу китептер, билим берүү стандарттары, окуу программалары, окуу-усулдук комплекстердин баары түп тамырынан өзгөрүп, жаңыланат дегенди билдирет.

Мунун негизинде министрлик Кыргызстандын мектептери үчүн эң мыкты деген чет элдик окуу китептерине иликтөө жүргүзүп, Кембридж эл аралык билим берүүнү баалоо системасында мыкты деп табылган Сингапурдун педагогикалык тажрыйбаларын киргизүүнү тандаган.

Marshall Cavendish Education билим берүү мекемеси окуу китептерди даярдоо тармагында 60 жылдык тажрыйбасы бар. Анын окуу китептери дүйнөнүн 90 ашык өлкөсүндө колдонулат. Анын ичинде Кыргызстанда «Сапат» лицейлери сыяктуу жеке менчик мектептерде да колдонулуп келатат.

Өткөн жылы билим берүү жана илим концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча форумда сүйлөгөн сөзүндө Акылбек Жапаров да Кембридж университетинин программаларын сатып алууга даяр экенибизди билдирген.

“Дүйнөлүк банк китепке конкурс жарыялап, “өзүңөр жазгыла” дейт. Мен айтат элем: биз аны башыбыздан өткөрдүк, китептер, программалар сапатсыз, балага кызыксыз, башкысы – натыйжа жок. Мындан ары андай болбойт! Дүйнөлүк эң мыкты программалардан алуу керек. Жакшы натыйжаларды берген, колдон түшкүс болгон мыкты китептерди бизге котортуп, колдонууга коркпой киргизүү зарыл. 11 жыл окуса да, балдарыбыз англисче сүйлөй албаган программалардын же окуу китептердин бизге эмне кереги бар?!”, – деген.

Чындыгында Кыргызстандын окуу китептери фундаменталдык билимдин калыптанышына басым жасалып, грамматикалык эрежелерди жаттоо, айтып берүү менен гана чектелип, тилекке каршы, күнүмдүк турмушта колдонууда жыйынтыгын бербей келет.

Ал эми Кембридж окуу китептери окуучулардын баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана окуу процессине активдүү катышууга багытталган. Диалог, маалымат алмашуу тапшырмалары, ролдук оюндар жана окуу материалын практикада колдонууга көмөктөшкөн башка формалар активдүү колдонулат.

"Чечкиндүү кадам". Кыргызстан-Сингапур: билим берүүдөгү стратегиялык кызматташтык

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев эки өлкөнүн китептеринин айырмачылыктарын карап чыгып, Кембридж окуу китептери көбүнчө коммуникативдик көндүмдөрдү жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталса, Кыргызстандын окуу китептери фундаменталдык билимдерди калыптандырууга жана стандартташтырылган тесттерге даярданууга басым жасайт деген.

“Кембридж окуу китептеринде нукура турмушта, практикада пайдаланыла турган окуу материалдары көп колдонулат жана окутууга ийкемдүү мамиле жасалат. Эки өлкөнүн окуу системасын интеграциялоо аркылуу дүйнѳлүк мектепте окутулуп жаткан мазмунга жетсе болот”, – деп жазган ал “Кут билимге”.

Министрлик буга чейин Сингапурдан 46 наамдагы так илимдер боюнча предметтик жана англис тили боюнча китептери кыргыз кыртышына ыңгайлаштырылат, бирок өзөгү өзгөрбөйт деп билдирген. Бүгүнкү иш-чара бул багытка карай жолдо алгачкы кадам деп эсептейт Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов.

Директордун айтымында, бул китептердин негизги өзгөчөлүктөрү — окуу материалы абдан ырааттуу, системалуу берилгенинде. Окуу материалды өздөштүрүү, керек болсо эрежелерди, формулаларды кабыл алуу теорияга эмес, баланын кабыл алуу процессин эске алган практикалык ыкмаларга негизделген.

“Окуучулар мындай материалдарды, биринчиден, кыйналбай, жеңил кабыл алат, экинчиден, эсинен чыкпайт, үчүнчүдөн, процесс практикалык жактан ишке ашкандыктан, балдардын жаңы материалды өздөштүрүү өзгөчөлүктөрү эске алынат”, – деп билдирди.

Ошентип, жогоруда айтылгандай, бул келишимдин алкагында жакынкы аралыкта 1-11-класстарда 46 аталыштагы окуу китебине таңкыстык жоюлат. Ал эми 1-11-класстарда окутулуучу башка предметтер (кыргыз, орус класстарда 83 аталыштагы окуу китеби, ал эми өзбек, тажик класстарда 101 аталыштагы окуу китеби) боюнча жаңы окуу китептери “Окуу китеби” басма үйүнүн буйрутмасы менен жергиликтүү авторлор тарабынан иштелип чыгат.

 

"Чечкиндүү кадам". Кыргызстан-Сингапур: билим берүүдөгү стратегиялык кызматташтык

 

"Чечкиндүү кадам". Кыргызстан-Сингапур: билим берүүдөгү стратегиялык кызматташтык

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер