«МАНАС ТААНУУ» ТЕЛЕТАЙМАШЫНЫН  ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ  

  • 28.01.2021
  • 0

Бүгүн Ош билим берүү институтунда «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын 9-айллампасынын облустук тандап алуу баскычында жана республикалык финалдык баскычта жеңишке ээ болгон топторду сыйлоо аземи болуп өттү. 

«МАНАС ТААНУУ» ТЕЛЕТАЙМАШЫНЫН  ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ  

Сыйлоо аземинде “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын облустук баскычында байгелүү орунду багындырган беш топтун окуучуларына жана даярдаган мугалимдерине Ош билим берүү институтунун дипломдору жана сыйлуу белектер, алардын  ата-энелерине Ош билим берүү институтунун ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева өз сөзүндө окуучулардын бүгүнкү ийгиликтери менен куттуктап, “Манас таануу” телетаймашынын тарыхындагы Ош облусунун жетишкендиктерине токтолуп, кийинки айлампаларга жигердүү катышууга үндөдү.

Аземдин экинчи бөлүгүндө  республикалык баскычта  I  орунга татыктуу болгон Өзгөн районундагы Т.Асранов атындагы инновациялык орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Айкɵл», II  орунга татыктуу болгон  Кара-Кулжа районундагы М.Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Ант» топторуна КТРКнын грамоталары, демөөрчүлөрдүн баалуу белектери берилди.

Мындан сырткары Ош облусунун атынан топ даярдап барып, байгелүү орунга татыктуу болуп жүргөн  Бакыт Абдыразаков атындагы сыйлык Өзгөн районундагы Т.Асранов атындагы инновациялык орто мектебинин мугалими Назира Апиловага ыйгарылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер