«МАНАС ТААНУУ» ТАЙМАШЫ
- 04.02.2026
- 0
Лейлек районундагы «Ак-Суу» жалпы билим берүү мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын баштапкы туру өткөрүлдү.

«Айкөл» жана «Каныкей» топторунун мүчөлөрү «Манас» эпосу боюнча билим, көндүмдөрүн сынап көрүштү.
Ошондой эле жаш манасчылар кыргыз, казак жана англис тилдеринде «Манастан» үлпүлдөк үзүндүлөрдү айтышты.
Аталган маданий иш-чараны кыргыз тили жана адабияты мугалими Шабнам Туйчиева уюштурду.
Тайир Аширбай, Лейлек району
Бөлүшүү
Комментарийлер