Манас шаарында Нооруз майрамы белгиленди

  • 21.03.2026
  • 0

21-март күнү Манас шаарынын борбордук Азаттык аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.

Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, ошондой эле шаар тургундары жана коноктор катышты.

Манас шаарында Нооруз майрамы белгиленди

Салтанаттын жүрүшүндө Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов шаар тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап, бул күн табияттын жаңылануусун, ата-бабадан калган каада-салттарды жана улуттук баалуулуктарды даңазалаган өзгөчө майрам экенин белгиледи.

Майрамдык иш-чара концерттик программа, сахналаштырылган көрүнүштөр, жарманке жана улуттук спорттук оюндар менен коштолду. Анда улуттук маданиятты чагылдырган ыр-бийлер, каада-салттар көрсөтүлүп, шаар тургундарына майрамдык маанай тартууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер