«МАНАС» — МЕКЕНЧИЛДИКТИН МЕКТЕБИ
- 05.12.2025
- 0
Жакында Кара-Көл шаарындагы Шопоков атындагы №4 жалпы орто билим берүүчү мектебинде Манас күнү өзгөчө шаң менен белгиленди.

«Манас»— бул дүйнөлүк маданияттын кыл чокусунда турган өзгөчө керемет дүйнө. Кыргыздын рухий дөөлөтү болгон «Манас»эпосунун кийинки муундар үчүн үлгү болуп, кылымдар бою сакталып калышы үчүн акыркы мезгилде айрыкча маани берилип, бир катар иш-аракеттер жасалып келатат.
2013-жылдын 4-декабрь күнү «Манас» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине киргизилиши менен 2015-жылдан баштап бул күн КРнын Өкмөтүнүн токтому менен расмий түрдө Манас күнү катары белгилене баштады. Улуттук маданий мурасыбызды сактап, аны кийинки муундарга кеңири жайылтуу менен манас айткан жаштарды эл арасына таанытуу максатын көздөгөн мындай иш-чаралар бул мектепте байма-бай өткөрүлүп келет.
Кара-Көлдөн чыккан чыгаан манасчы, акын, КРнын Ардак грамотасынын ээси, шаардын ардактуу атуулу Салимбай Турсунбаев учурунда ушул мектеп менен тыгыз байланышта болуп, уул-кыздары ата жолун улантып манас айтып келген.
«Өлүм деген ар адамдын башында,
Өзү өтсө да, изи калды артында» — демекчи, 2021-жылы келген шум ажал залкар талантты арабыздан алып кеткен. Манасчынын үй-бүлөсү жаш манасчыларды колдоо максатында Салимбай Турсунбаев атындагы стипендия уюштуруп, эки жылдан бери тапшырып келишет. Бул сапар да «Манас»эпосуна арналган мектептеги иш-чараларга активдүү катышкан А.Калбердиева, Б.Сагынбеков, А.Төрөбаева, А.Жумабекова, А.Жанболотова сыяктуу окуучулар диплом жана стипендияларга ээ болушту.

Сыйлыкты манасчынын жубайы Б.Мамбетова жана кызы тапшырып жатып, манасчылык өнөрдү улай турган балдарга ак тилегин билдиришти.
Байыш МҮСҮРАЛИЕВ, Жалал-Абад областы, Кара-Көл шаары
Комментарийлер