Мамлекеттик тил күнүнө арналды

  • 27.09.2024
  • 0

Бишкектеги К.Бобулов атындагы №88 жалпы билим берүүчү мектебинде Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган «Мамлекеттик тил макамына 35 жыл» иш-чарасы болуп өттү.

Мамлекеттик тил күнүнө арналды

2024-2025-окуу жылындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынан алкагында аталган окуу жайда 1-11-класстарга чейинки окуучулар арасында класстык сааттар, дубал гезеталардын сынагы, ачык сабактар уюштурлууда.

«Мамлекеттик тил макамына 35 жыл» иш-чарасынын жүрүшүндө 5-класстар кызыктуу концерттик программа уюштуруп, 6-7-класстар дубал гезит даярдаса, жогорку класстар Бишкек мамлекеттик университетинин филология факультетинин студенттери менен биргеликте «Кыргыз тили кечээ, бүгүн жана эртең» деген темада тегерек стол өткөрүштү. Мугалимдер арасында «Ким баарынан сабаттуу?» аталышындагы жатжазуу сынагы өткөрүлдү.
Таалим-тарбиясы терең иш-чара окуучулардын концерттик программасы менен коштолуп, балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мамлекеттик тил күнүнө арналды
№88 мектептин директору Гүлизат Карасартованын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү мектеп үчүн маанилүү жумуштардын бири. Бул маселеге мектеп администрациясы тарабынан катуу көзөмөл коюлуп, ар бир мугалим өзгөчө көңүл бурат. Балдар мектеп курагынан тартып кыргызча ой жүгүртүүсү үчүн кыргыз тили сабактарында көбүрөөк баарлашууга бурса, эне тилин жаштайынан билүүгө өбөлгө болот.
— Мамлекеттик тил сабагында балдарды сөздүк иштер менен көп иштетебиз. Күнүмдүк турмушта колдонулган сөздөрдү котормолору менен бирге айтып, күнүгө колдонуп турууга көндүрөбүз. Ошондой эле макал-лакаптарды айтып, анын маани-маңызын түшүндүрүп берип, күнүгө жок дегенде экиден макал-лакап жаттап келүү тапшырмасын беребиз. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда мурдагы жылдарга салыштырмалуу окууучулар кыргыз тилине кызыгуусу артып жатат, — дейт директор.
2024-2025-окуу жылына карата мектепте жалпы 61 класс-комплект бар, алардын 32синдеокутуу кыргыз тилинде, 29унда орус тилинде жүргүзүлөт. 2201 окуучу билим алат.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер