“Мамлекеттүүлүк башатында” китеби жарык көрдү
- 15.11.2024
- 0
Бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз мамлекеттик университетинде коомдук ишмер Аскар Салымбеков жана тарыхчы-окумуштуу Жумагул Байдилдеевдин “Мамлекеттүүлүк башатында” китебинин бет ачары өттү.
Иш-чарага окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрушүндө китептин мазмуну жана жаралуу тарыхы тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Бул иш-чара студенттерди жана китеп сүйүүчүлөрдү жаңы чыгарма менен тааныштырууга, кыргыз адабиятын колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
Бөлүшүү
Комментарийлер