МАМКАТЧЫНЫН АЧЫК САБАГЫ

  • 25.10.2024
  • 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов:

«МЕН УШУЛ КЕЗГЕ ЧЕЙИН МЕКТЕПТЕН

КОЛ ҮЗӨ АЛБАЙ КЕЛЕМ»

Акыркы мезгилде бизде мамлекеттик бийлик жетекчилеринин мектептерде ачык сабак өтүү жөрөлгөсү калыптанып калды десек жаӊылышпайбыз. Бул ирет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкек шаарындагы №67 окутуу-тарбиялык борборунда жогорку класстын окуучулары үчүн Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган ачык сабак болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, билим берүү жана илим министринин орун басары Мурат Касымалиев баштаган билим берүү тармагынын өкүлдөүрү, «Манас» иеатрынын директору Нурбек Талантбеков, мектептин директору Нургүл Жумабекова баштаган мугалимдер жамааты менен жогорку класстардын окуучулары катышты. Эмесе, сөз ошол багытта жүрсүн.

МАМКАТЧЫНЫН АЧЫК САБАГЫАчык сабакта алагач сөз алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов уӊгулуу журт уюткан агайлар менен эжейлерибиз балдар менен жаштарга билим менен таалим-тарбия эле бербестен, келечек жолун көрсөткөн улуу устаттар да болуп саналарын, арлардын ар биринин бүгүнкү иш-чаранын башкы темасы азыркы Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүү тарыхын, анын демилгечилер тобунун башында турган адамдардын  таржымалын жакшы билерин баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Мурат Касымалиев «Манас» дастаны кыргыз элинин энциклопедиясы экенин, андан ар заманга, ар адамга, ар балага зарыл болгон таалим-тарбия, салт-санаа, нарк-насил жаатындагы маалыматтардын баарын тапса болоруна токтолду. «Буюса, 12 жылдык окутууга өтөбүз. Мында албетте, ата-баба мурасына, эне тилибизге, кыргыз элинин тарых-таржымалына өзгөчө басым жасоону унутта калтырган жокпуз. Керегебиз улам кеӊейип, мурда 17 мектеп курулса, азыр жылына 147 жаӊы мектеп ишке киргизилип, техникалык базасы чыӊдалууда. Мен азыр миинстрдин орун басары болгонум менен, өзүмдү дале мугалим катары сезем», — дейт ал.

Сүйүнбек Касмамбетов ачык сабагын КР Президентинин өткөндө «Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө», ал эми жакында «Азыркы кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар жөнүндө» жарлыгы чыгып, демилге башатында турган 5 чыгаан адамдын ысымы аталганынан баштады: Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков. Биз алардын өмүр өтөлгөсүн кийинки урпактарга үлгү кылууга тийишпиз. Алардын ар бири тарыхты, тарых аларды жараткан улуу атуулдар.

“Бир жолу балдар агайынан акылдуу болгон жакшыбы же айлакер болгон артыкпы деп жарга такаган экен. Аркы-беркисин жакшылап ойлонуп көргөндөн кийин, албетте акыл көп нерсени чечет, айла алардын барын айланып өтөт, менин оюмча, билимдүү болгон артык го деген жообун берген экен. Кыязы, “Билеги күчтүү бирди жыгат – билими күчтүү миӊди жыгат” деген накыл ошондон калса керек. Анысы кандай, балдарым, ардактуу агартуучулар, азыркы ааламдашуу доорунда билим  алууга өзгөчө көӊүл бурушубуз керек”, — деп кошумчалады ал.

Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүү таржымалына токтолгон мамлекеттик катчы тарыхчы катары, 1919-жылы 19 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун Ленин менен алгачкы баарлашканына токтолду. Көрсө, жапжаш жигит ошондо эле: “Владимир Ильич, биз кыргыз деген түптүү элден болобуз, өз мамлекетибизди кургубуз келет” десе, “Силер азыр кайсы тилде иш жүргүзөсүӊөр, өз тилиӊер кайсы?” деп сураган тура. Ал “биз азырынча орус тилинде иш жүргүзүп, дүйнөлүк жамаатка тезинен аралашкыбыз келет” деген жообун берет. Ошондо Ленин: “Ой, кызык экенсиӊер, улуттук тилсиз мамлекет болбойт, ишти өз тилиӊерде эле жүргүзгүлө, ошодо силерди дүйнө тааныйт” деген экен. Ошондуктан, ар бир мамлекеттик тил улут уӊгусу, мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси болуп саналат.

Мамлекеттик катчы ынтымак, бакыт, таалай деген көөнө сөздөр, бир караганда, канчалык кулакка жат, түшүнүктүү болгону менен, анын тегерегинде быйыртан эле талаш-тартыш жүрүп келген, азыр деле аягына чыгалек экенин айтты. “Негизинен мына ошол сөздөрдү чечмелөө жаатында килтейген китептерди жазган баш-аягы 12 философ Нобель сыйлагын алыптыр. Көрсө, ал ар бирибизге керек тура. Дал ошо “ынтымак” деген сөз азыр баарыбыздын башыбызды кошуп отурат. Ынтымак – барыбыздын башыбызды бириктирген улуу касиет”, — дейт ал.

Биз Сүйүнбек Касмамбетовдун билим берүү мекемелери менен болгон өз ара кызматташтык алакаларына кызыктык. Ал жалаӊ мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөнүн билдирди. “Атам да, энем да өмүр бою мектепте иштеди. Экөө теӊ тил жана адабият мугалимдери болчу. Экөө теӊ окуучулар үчүн адабият сабагы боюнча бир топ колдонмолорду жазган. Мен деле алардан анчалык алыс түшкөн жокмун: комуз черттим, күнгүрөнө күү чалдым, жан сергите ырдадым, күпүлдөп Манас айттым, колума калем кармап, китеп чыгардым”, деген жообун берди мамкатчы.

Сөз жүрүшүндө ушул кезге чейин мектептен кол үзө албай келатканын айтты. “Мурдагыларына токтолбой эле коёюн, быйыл жеке демилгем менен өлкө аймагындагы эки китепкананын китеп фондун жаӊыртып, жаӊы чыгармалар менен толуктап бердим. Маал-маалы менен ачык сабактарды өткөрүп турам. Быйыл май айында “Манас” эпосу жана улуттук нарк темасында, сентябрь жана октябрь айларында Кара-Кыргыз автоном облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган сабактарды өткөрүп жатам”, — деп кошумчалады ал.

Ал эми “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков келиштире “Манас” эпосунан үзүндү айтып берип, окуучуларды ата-баба таберигин көздүн карегиндей сактоого чакырды. “Бейиш менен тозоктун эшиги катар дешет. Аркы дүйнө салган бир агайыбыз тозокко кирип алыптыр. Анда кыйналгандар: “Сиз мыкты мугалимсиз, эмгегиӊиз сиӊди. Демек, ордуӊуз бул жакта эмес, бейиште!”, -дейт. Анда ал: “Бейиште кандай экенин билбейм, бирок чын жашоого караганда бул жер тынчыраак экен” деген жообун бериптир. Ал кишини түшүнсө болот, чынында эле мугалимдердин иши өтө түйшүктүү кесип”, — деп балдарды абдан күлдүрдү.

МАМКАТЧЫНЫН АЧЫК САБАГЫ

Белгилейт кетсек, Бишкек шаарындагы №67 мектеп 1987-жылы ачылган. Ал эми 1997-жылы мектеп-гимназияга жана окуу-тарбия борборуна айланган. Мектептеги 80 класста 3288 окуучу билим алат. Жылына 250 окуучу мектепти бүтүрөт. Директору – Жумабекова Нургүл Оёзбековна. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун гимназияда өткөн бул жолку ачык сабагына интернет аркылуу ордо калаадагы 120 мектептин окуучулары онлайн таризинде катышты.

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер