МАЛАЙЗИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖОЖДОРДУН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 22.10.2024
  • 0

21-октябрда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу элчи жана Малайзиянын Эл аралык ислам университетинин Башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Сайед Хуссейн Аль-Хабши жетектеген Малайзиянын Эл аралык ислам университетинин делегациясы менен жолугушту.

МАЛАЙЗИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖОЖДОРДУН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Тараптар билим берүү жаатында кызматташуу багыттарын, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Катышуучулар кыргызстандык ЖОЖдор менен өнөктөш болуу, академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, студенттерди алмашуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселелерине көбүрөөк көңүл бөлүштү.

МАЛАЙЗИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖОЖДОРДУН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Белгилей кетсек, 1983-жылы негизделген Малайзиянын Эл аралык ислам университетинде (International Islamic University Malaysia) 24 миңден ашуун студент бар, алардын ичинен 6 миңге жакыны – чет өлкөлүктөр.

МАЛАЙЗИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖОЖДОРДУН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер