Малайзия окуу жайынын филиалын Кыргызстанда ачуу маселесин талкуулашты
- 16.09.2024
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси Ильхам Туа Бин Иллиас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар STEM предметтери боюнча мугалимдерди англис тилине окутуу, кыргыз студенттеринин Малайзиянын университеттеринде билим алуусу үчүн бөлүнгөн квотанын санын көбөйтүү, Малайзиянын жогорку окуу жайынын филиалын Кыргызстанда ачуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун катышуучулары Малайзиянын билим берүү программалары жана маданияты менен таанышуу үчүн борборлорду ачуу боюнча пикир алмашты.
Ошондой эле элчи Малайзиянын ЖОЖдорунун көргөзмөсүн уюштурууну сунуштады.
Бөлүшүү
Комментарийлер